Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын
кезекcиз VI сессиясынын
2025-жылынын 29-апрели №6/26
« Айры-Там айыл аймагынын 2025-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Айры-Там айыл аймагынын жайыт комитетине 2025-жылдын башында 700,0 (жети жүз миң) сом план бекитилген, “Айры-Там суугат сервис” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдагы түшкөн кирешелерин жана Айры-Там айылдык кеңешинин 26.02.2025-жылдагы №4/12 токтомунун негизинде жайыт комитетинин планына 396,5(үч жүз токсон алты миң беш жүз) сом акча каражатын планга кошуп берүү жөнүндө, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Камчыбеков билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешитин депутаттарынын колдоосу менен Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2025-жылдагы кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айры-Там суугат сервис” муниципалдык ишканасынын 2025-жылдагы иш планына 396,5 (үч жүз токсон алты миң беш жүз) сом акча каражатын кошуу жагы каралсын;
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана каражаттарды өз максатында мыйзамдын чегинде чыгымдоо Айры-Там айыл аймагынын ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин;
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Кулуев. |