Загрузка документа…
(КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамы менен колдонууга киргизилет жана аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет)
Кыргыз Республикасынын Суу кодекси
2025-жылдын 27-июну № 128
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-июлундагы № 107 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Максаты жана милдеттери
1. Ушул Кодекс Кыргыз Республикасынын калкын суу менен кепилденген, жетиштүү жана коопсуз камсыздоо үчүн суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо жана республиканын суу фондун сарамжалдуу өнүктүрүүнү камсыздоо чөйрөсүндөгү суу мамилелерин жөнгө салат.
2. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу маселелерине байланышкан мамилелер ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат.
2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар
Ушул Кодексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар төмөнкүлөрдү туюндурат:
1) акватория - табигый, жасалма же элестетилген (шарттуу) чектердин ичиндеги суу мейкиндиги;
2) суу ресурстары боюнча бассейндик орган - суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкы бассейндин гидрографиялык чектеринде суу ресурстарын башкарууга жооптуу аймактык органы;
3) бассейндик план - белгилүү бир башкы бассейндин чектеринде суу ресурстарын өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча план;
4) бассейндик кеңеш - суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү боюнча башкы бассейндеги маселелерди чечүү үчүн өкүлчүлүктүү орган;
5) жээктер - суу фондунун жерлерине тиешелүү табигый суу объектисине туташ жер тилкелери;
6) Кыргыз Республикасынын суу ресурстары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын ичиндеги бардык суулар;
7) суу объектиси - жер үстүндөгү жана жер астындагы жаратылыш (табигый) сууларынын ар кандай топтолуусу, анын ичинде дарыялар, өзөндөр, булактар, көлдөр, көлмөлөр, саздар, мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү;
8) суу фонду - табигый пайда болгон бардык суу объекттеринин жыйындысы, анын ичинде ирригациялык фондду кошпогондо, суу фондунун жана анда камтылган суу ресурстарынын жерлери;
9) сууну коргоо зонасы - суу объектисинин же суу чарба курулмасынын акваториясына жанаша жайгашкан аймак, анда анын булгануусун, таштандыга толуусун, соолуп калуусун жана ылайлануусун болтурбоо максатында чарба ишине чектөө белгиленет;
10) сууну коргоо тилкелери - сууну коргоо зонасынын чектеринде чарба иши катуу чектелген аймак;
11) суу пайдалануучулар - Кыргыз Республикасынын юридикалык же жеке жактары, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар, өз керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн суу объекттеринен суу ресурстарын аларды алып койбостон пайдалануучулар;
12) суу чарба курулмалары - плотиналары бар суу сактагычтар, каналдар, көп жылдык, декадалык же суткалык жөнгө салуу бассейндери, коллекторлор, дрендер, арыктар, гидротехникалык курулмалар, коргоочу дамбалар, акведуктар, өткөргүч түтүктөр, көпүрөлөр, скважиналар, насостук станциялар, коммуникациялары жана инфратүзүмдүн башка элементтери бар суу түтүктөрү, анын ичинде аларды эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн багытталган бардык жер участоктору;
13) башкы бассейн - жер үстүндөгү бардык суулар башкы дарыяга же суу объектисине кошулган аймак;
14) суу берүүгө келишим - суу пайдалануучунун суунун белгилүү бир көлөмүнө укугун ырастоочу документ;
15) дренаждык тутумдар - ачык жана/же жабык коллекторлордун жана дрендердин, гидротехникалык курулмалардын, вертикалдык дренаж скважиналарынын жана башка инфратүзүмдүн өз ара байланышкан тармагы, анын ичинде дренаждык тутумдарды күтүүнү, эксплуатациялоону жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн жерлердин ажыратылып берилген бардык тилкелери;
16) булгоочу - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусуна ылайык суу объектисине, суу чарба курулмасына же суу фондунун жерлерине түшүшү мүмкүн болгон жерлерге булгоочу заттарды же калдыктарды таштаган адам;
17) булгоочу заттар - адамдын ден соолугуна, жаратылыш ресурстарына жана экотутумга зыяндуу таасир этүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө жөндөмдүү ар кандай заттар, предметтер же алардын комбинациялары;
18) суу фондунун жерлери - табигый (жаратылыш) суу объекттери ээлеген жерлер;
19) ирригациялык фонддун жерлери - суу чарба курулмалары, ирригациялык тутумдун жана инфратүзүмдүн объекттери ээлеген жерлер, анын ичинде бөлүнгөн тилкелер;
20) ирригациялык тутумдар - жолдор, имараттар, электр берүү линиялары жана башка инфратүзүм, анын ичинде бөлүнгөн тилкелер менен байланышкан ирригациялык каналдардын, өткөргүч түтүктөрдүн, гидротехникалык курулмалардын, насостук станциялардын, скважиналардын, суу сактагычтардын, жасалма көлмөлөрдүн жана көлмөлөрдүн өз ара байланышкан тармагы;
21) ирригациялык фонд - гидротехникалык курулмаларда болгон суу ресурстары менен бардык ирригациялык тутумдардын жыйындысы, анын ичинде мындай курулмалардын боюндагы жана айланасындагы жерлер, ошондой эле тиешелүү инфратүзүм;
22) жасалма суу объектилери - адам тарабынан түзүлгөн, бирок ирригациялык максаттарга багытталбаган көлмөлөр, анын ичинде жасалма көлмөлөр же бассейндер;
23) Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди координациялоочу консультативдик жана кеңешүүчү орган;
24) калдыктар - чарба ишинин процессинде пайда болуучу чийки заттардын, материалдардын, жарым фабрикаттардын, башка буюмдардын жана өнүмдөрдүн калдыктары;
25) ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы - мамлекеттик суу чарба тутумунан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык ирригациялык тутумдардан сугат суусун суу пайдалануучуга берүү боюнча мамлекеттик же муниципалдык берүүчүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акчалай жыйым (акынын ставкасы);
26) плотина - курулманын алдында суунун деңгээлин көбөйтүү же сууну топтоо, же суунун агымын жөнгө салуу үчүн суунун объектисинде суунун агымын жабуучу гидротехникалык курулма;
27) эсепке алуу приборун текшерүү - ченөө каражаттарынын колдонууга жарактуулугун эксперименталдык түрдө аныкталуучу метрологиялык мүнөздөмөлөрдүн негизинде аныктоо жана алардын техникалык регламенттерде белгиленген же даярдоочу заводдун коштомо документтеринде көрсөтүлгөн милдеттүү талаптарга шайкештигин тастыктоо;
28) бөлүнгөн тилке - суу чарба курулмасынын айланасындагы же боюндагы туурасы 25 метрден кем эмес, пайдалануу режими чектелген, ирригациялык тутумдарды күтүү, эксплуатациялоо жана оңдоо үчүн багытталган жер участогу;
29) суу берүүчү - суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык органы же ирригациялык тутумду эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү, суу берүүгө келишимдин негизинде суу пайдалануучуга берүү үчүн суу алууну жана ташууну жүзөгө ашыруучу башка юридикалык жак;
30) суу ресурстарын коргоо боюнча жумуштар төмөнкүдөй максаттагы жумуштарды билдирет:
- суу объектилерине, суу чарба курулмаларына же суу фондунун жерлерине булгоочу заттарды же калдыктарды таштоону болтурбоо же кыскартуу;
- калдыктарды жана булгоочу заттарды жок кылуу же жайгаштыруу;
- суу объектисинде, суу чарба курулмасында же суу фондунун жерлеринде булгоочу заттардын же калдыктардын болуусунан келип чыккан булганууларды зыянсыздандыруу же басаңдатуу;
- суу объекттеринин, суу чарба курулмаларынын же суу фондунун жерлеринин булгоочу затгар жана калдыктар түшкөнгө чейин болгон абалын калыбына келтирүү, анын ичинде флора менен фаунаны сактоо;
31) сууну пайдаланууга уруксат - 15 жылга чейинки мөөнөткө берилүүчү, сууну пайдалануу боюнча ишке укукту тастыктоочу документ;
32) булгоочу заттарды таштоого уруксат - суу объектилерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалануучу жана буулануучу талааларга, жер рельефине булгоочу заттарды таштоого укукту тастыктоочу документ;
33) суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйым - Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинде белгиленген төгүм;
34) сууну пайдаланууга атайын уруксат - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечиминин негизинде суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 25 жылга чейинки мөөнөткө берилүүчү уруксат;
35) саркынды суулар (саркындылар) - адамдын тиричилик жана өндүрүштүк ишинде пайдалангандан кийин бөлүнүп чыгуучу суу, ошондой эле атмосфералык жаан-чачындар;
36) жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учуруна пландарды даярдоого, жаңылоого жана жүзөгө ашырууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
37) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу чөйрөсүндөгү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
38) суу чарбасы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ирригация чөйрөсүндө суу берүүнү, анын ичинде мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүүнү башкаруу боюнча мамлекеттик орган;
39) суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын пайдаланууну жана коргоону башкаруу боюнча мамлекеттик орган;
40) гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - суу, суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик суу кадастры боюнча маалымат тутумдарын даярдоого катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
41) калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылуу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
42) экологиялык агым - суунун экотутумуна олуттуу зыян келтирбестен анын сакталышын жана өзүн-өзү калыбына келтирүүсүн камсыз кылууга жөндөмдүү суу объектисиндеги суунун минималдуу жол берилген агымы.
3-берене. Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасында суу мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс жана аларга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
2. Башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген сууга укуктук ченемдер ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.
3. Башка ченемдик укуктук актыларда камтылган суу укугунун ченемдери ушул Кодекстин жоболоруна каршы келген учурда, ушул Кодекстин жоболору колдонулат.
4-берене. Суу ресурстарына жана суу фондунун жерлерине менчик
1. Кыргыз Республикасынын суу ресурстары мамлекеттин өзгөчө жана ажырагыс менчиги болуп саналат. Ар бир адам ушул Кодекстин жоболоруна ылайык мамлекеттик чек аранын чегинде суу ресурстарын пайдаланууга укуктуу.
2. Жасалма суу объектилери ээлеген жерлердин башка категорияларынын жер участокторун кошпогондо, суу объектилери же мамлекеттик ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары ээлеген суу жана ирригациялык фонддордун жерлери мамлекеттин өзгөчө менчиги болуп саналат.
5-берене. Суу ресурстарын башкаруу жана бассейндик ыкма
1. Суу ресурстарын башкаруу - ушул Кодекске жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык суу ресурстарын жана айлана-чөйрөнү өнүктүрүүнү, сарамжалдуу пайдаланууну, коргоону, адамдардын ден соолугун коргоону, ошондой эле калктуу конуштарды, өнөр жай аймактарын жана менчиктин бардык түрлөрүн суунун коркунучтуу таасиринен коргоону камсыз кылуучу чаралардын, ченемдердин жана эрежелердин комплекстүү тутуму. Бассейндик ыкма суу ресурстарын пайдаланууну жана коргоону башкаруу гидрографиялык принцип боюнча Ысык-Көлгө жана Кыргыз Республикасынын башкы дарыяларына тиешелүү башкы бассейндин аймагынын чектеринде жүзөгө ашырылат дегенди билдирет.
2. Министрлер Кабинети Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин сунуштарынын негизинде суу ресурстары чөйрөсүндөгү ар бир мамлекеттик бассейндик органдын жана бассейндик кеңештин иш-аракетинин зонасын белгилейт. Кабыл алынган чечим расмий жарыяланууга тийиш.
3. Ар бир башкы бассейнде суу ресурстарын башкаруунун тийиштүү бассейндик органы жана бассейндик кеңеши ушул Кодекстин жоболоруна ылайык суу ресурстарын башкарууну камсыз кылат.
4. Мамлекеттик администрациянын жергиликтүү органдарынын жана министрликтер менен административдик ведомстволордун аймактык органдарынын чечимдери ушул беренеге жана суу ресурстарын башкаруу боюнча бассейндик ыкмага ылайык кабыл алынат.
6-берене. Суу ресурстарын башкаруу принциптери
Суу ресурстарын башкаруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) катышуу принциби: бардык кызыкдар жактар пландоо жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга тийиш;
2) сууга керектөөлөрдү эсепке алуу принциби: суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча чечимдерди кабыл алууда учурдагы жана келечектеги муундардын керектөөлөрү эске алынууга тийиш;
3) суу ресурстарына глобалдуу климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин эске алуу принциби;
4) суу ресурстарынын экономикалык баалуулук принциби: суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо боюнча ишти пландоодо, чечимдерди кабыл алууда жана ишти жүзөгө ашырууда суу ресурстарынын экономикалык баалуулугу эске алынууга тийиш;
5) булгагандыгы үчүн акы төлөө принциби: суу ресурстарын булгаган жактар сууну булгагандыгы үчүн жаратылышты пайдалангандыгы сыяктуу акы төлөөгө тийиш;
6) жеткиликтүүлүк принциби: суу объектилеринин жана суу ресурстарынын абалы жана аны пайдалануу жөнүндө маалымат коомчулуктун өкүлдөрүнө жеткиликтүү болууга тийиш;
7) суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдалануу үчүн акы төлөө принциби;
8) суу объектилерин колдонуунун алдында аларды коргоо артыкчылыгы;
9) суу объектилерин колдонуу өзгөчөлүктөрү, б.а. алардын физикалык-географиялык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша суу мамилелерин жөнгө салуу;
10) суу объектилерин пайдалануунун башка максаттарынын алдында аларды ичүү жана чарбалык-тирчилик суу менен камсыздоо максаттарына пайдалануунун артыкчылыгы;
11) бассейндин чегинде суу мамилелерин жөнгө салуу (бассейндик ыкма).