Редакцияот 12.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясы

 

2024-жылдын 12-марты № 29/2

 

Өзгөн шаарында 2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXIX сессиясынын отурумунун күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык мэриясынын 2024-жылдын 2-мартындагы №01-9/220 катынын жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 6-мартындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап, Өзгөн шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмеси депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Титулдук тизмедеги иштерди аткарууга жергиликтүү бюджеттен 57844,7 миң сом жана 2024-жылдын 1-январына карата бюджетте калган эркин калдыктан 16587,5 миң сом каралганы эске алынсын. Титулдук тизме боюнча аткарылган иштер “Капиталдык курулуш башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын атайын ачылган эсебинен каржылансын.

3. 2024-жылда Өзгөн шаарындагы көчөлөрдү асфальттоо боюнча тизме 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Өзгөн шаарында 2024-жылдын титулдук тизмесине киргизилген жумуштарды мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Өзгөн шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү жана жер маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

А.Хасанов