Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 341 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 674 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана обочолонгон мүлккө ээ болгон мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкана "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары үчүн иштерди аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча түз мамлекеттик заказды жүзөгө ашыруу, мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында, ошондой эле спорттук медицинаны жана психологияны андан ары өнүктүрүү, спортчулардын ден соолугун чыңдоо жана реабилитациялоо максатында зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн түзүлгөн.
Ишкана Кыргыз Республикасынын спортчуларына жана бардык жарандарына адистештирилген амбулатордук медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү дарылоо-профилактикалык саламаттык сактоо уюму болуп саналат.
5. Ишкананын фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие "Кыргызский центр спортивно-оздоровительной медицины" при Государственном агентстве физической культуры и спорта при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз спорт-ден соолукту чыңдоо медицинасы борбору" МИ;
- расмий тилде: ГП "Кыргызский центр спортивно-оздоровительной медицины".
6. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17.
7. Ишкана белгисиз мөөнөткө уюштурулду.
8. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат, ал Ишканага бекитип берилген мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат.