Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 547-т тескемесине)
Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке
ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну системалаштыруу, мониторинг жүргүзүү жана баалоо жол-жоболорун жөнгө салат, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчет түзүүсүнө, мазмунуна жана берүүсүнө карата милдеттүү бирдиктүү талаптарды белгилейт, коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууну ведомстволор аралык координациялоо жана контролдоо механизмдерин аныктайт.
2. Коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар, Президенттин жарлыктары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун коррупцияга каршы конвенциясы, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана демилгелер саналат.
3. Тартип мамлекеттик институттардын, анын ичинде мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын кеңири чөйрөсүнө жайылтылып, алардын коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруудагы аракеттерин координациялайт жана жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
4. Тартип натыйжалуулуктун жана майнаптуулуктун индикаторлорун колдонуу менен коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшүн үзгүлтүксүз байкоо аркылуу коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү системасынын ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун бекемдөөгө багытталган.
2-глава. Негизги терминдер жана түшүнүктөр
5. Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) мониторинг жүргүзүү – иш-чаралардын аткарылышына байкоого, четтөөлөрдү өз убагында аныктоого жана аларды жоюу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга багытталган коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү, маалыматтарды чогултуу жана талдоо системасы;
2) баалоо – натыйжалуулуктун жана майнаптуулуктун индикаторлорун пайдалануу менен коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын максаттарына жана милдеттерине жетүү даражасын аныктоо максатында маалыматтарды системалуу талдоо, өлчөө жана интерпретациялоо процесси;
3) маалыматтарды чогултуу – стратегиядан келип чыгуучу коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо субъекттеринен жана башка булактардан ишенимдүү маалыматтарды алуу;
4) байкоо – коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү процесстерди жана көрүнүштөрдү кабылдоону максаттуу жана план ченемдүү изилдөө, анын натыйжалары стратегияны ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ошондой эле көз карандысыз мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө белгиленет;
5) маалымат булактары – коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулган маалыматтар, анын ичинде: мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттору; статистикалык маалыматтар; изилдөөлөрдүн натыйжалары; аудиттердин жана укук коргоо органдарынын материалдары; жарандардын кайрылуулары; көз карандысыз уюмдардын альтернативдик отчеттору жана корутундулары; эксперттик корутундулар; жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыялоолор; эл аралык уюмдардын баяндамалары;
6) мониторинг жүргүзүү жана баалоо объекттери – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын коррупцияга каршы мыйзамдарды аткаруу, коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга, табууга жана жоюуга багытталган иш-чаралар;
7) мониторинг жүргүзүү жана баалоо субъекттери – мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
8) коррупциялык тобокелдиктер – ченемдик укуктук жөнгө салуудагы боштуктардын (ылайык келбестиктин), контролдоо жана башкаруу системасындагы кемчиликтердин, коррупцияга каршы маданияттын төмөн деңгээлинин кесепетинен келип чыккан коррупциялык укук бузууларга өбөлгө түзүүчү шарттардын пайда болуу ыктымалдыгы;
9) баалоонун негизги индикаторлору:
– натыйжалуулук: коррупцияга каршы иш-чараларды аткаруу даражасы, алардын стратегиянын белгиленген милдеттерине ылайык келиши жана максаттуу көрсөткүчтөргө иш жүзүндө жетишүү;
– майнаптуулук: натыйжаларга жетүү деңгээлин өлчөө жана коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын максаттарына жана милдеттерине ылайык аларды колдонуунун туруктуулугун аныктоо үчүн колдонулуучу сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр;
10) стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы – коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын комплексин камтыган расмий документ;
11) коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча жана аны иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча функциялар жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу мамлекеттик орган.