МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 9
“Өзгөн көмүр” ЖЧК ишканасына көмүр кенин казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мырза-Аке айыл аймагынын алыскы жайыттагы Байбиче участкасынан 21,5 га жер аянтына “Өзгөн көмүр” ЖЧК ишканасынын көмүр кенин казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү боюнча сунушун карап жана талкуулап Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өзгөн көмүр” ЖЧК ишканасына Мырза-Аке айыл аймагынын Байбиче участкасынан 21,5 га жер аянтына кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Соц.пакетти жана келишим түзүү жагы айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жана рекултуациялык иштерди жүргүзүү, башка төлөмдөрдү өз убагында төлөө жагы “Өзгөн көмүр” ЖЧК ишканасына милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл, жер, суу, чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |