МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 11
Жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын куруу жана кайрадан оңдоо жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын сунуш каты жана Ош электро тармактары ишканасынын Өзгөн Райондук электр тармактарынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Мырза-Аке айыл аймагына караштуу төмөндөгү айылдарда жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары курулуп жана кайрадан оңдолуп ишке берилсин:
1) Адыр айылындагы төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгы 360 метр,
2) Обком айылындагы төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгы 360 метр,
3) Мырза-Аке айлындагы көмөкчү чордонго КТП 250кВА 1 дана
2. Токтомдун аткарылышы Мырза-Аке айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары Р.Эсенбаевге жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |