МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 13
Таза суу, Жайыт, СПА Мырза –Аке Тазалык бирикмелерин “Мырза-Аке Комуналдык муниципалдык “ ишканасы болуп түзүлүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таза суу, Жайыт, СПА , Мырза –Аке Тазалык бирикмелери ишканасы “Мырза-Аке Комуналдык муниципалдык “ ишканасы болуп түзүлүүгө макулдук берилсин.
2.Бириккен бирикмелер “Мырза-Аке Комуналдык муниципалдык “ ишканасы болуп түзүлсүн жана юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун көзөмөлдөө жагын Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |