Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 16

 

“БАЛ көчөт” акционердик коомунан 1,6 га жер аянтын Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Жайыт жерине өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Бал көчөт ”акционердик коомунан 1,6 га жер аянтын Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Жайыт жерине өткөрүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.

3. Токтомдун көзөмөлдөө жагын “Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Г.Жороева