МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 17
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын сунуш катын кароо жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция» боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын сунуш катынын негизинде СПА нын баласындагы 500 м арыкты Өзгөн “Өнүктүрүү Фондуга” кагаз иштерин даярдап тапшырууга жана өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |