Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели № 19

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү “Бузуулар” боюнча комиссия курамын түзүү 

 

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык «Реглемант, мыйзамдуулук, укук тартиби, жана депутаттык этика маселелер» боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү“Бузуулар” боюнча комиссия курамы төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:

1) Жолуев Амантур – айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын төрагасы

2) Джаныбеков Марат-айылдык кеңештин депутаты – комиссиянын орун басары,

3) Исираилова Жылдыз –айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү,

4) Айтбаева Жумабү –айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү,

5) Теңизбаева Нүргүл-айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү,

6) Сайпиева Сайрагул- айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү,

7) Дүйшөнбиева Калбү-айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү,

8) Мамытов Назарали-айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү,

9) Моңолов Байыш –айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү.

2. Бузуулар” боюнча комиссия курамы төмөндөгү иштерди аткаруу жагы белгиленсин.

- Тургундардын көп жылдык эгиндерине (беде,арпа,буудай) түшкөн малдардын келтирген зыянын аныктап, айып пул чегерүү жагы каралсын.

- Жылкы жана кара малга ар бир башына 5000 (беш) миң сомго чейин, кой-эчкилердин ар бир башына 1000-3000 сомго чейин.

- Аба ырайынын туруксуздугун эске алып 10-майдан кечикпей малчы, койчулар жайлоого кетүүсү эскертилсин.

- Жайлоо мезгили бүткөндө 10-сентябрдан баштан көчүп келүү жагы малчы, койчуларга эскертилсин.

- Нөөмөт боюнча белгиленген көчөлөрдөгү таштандыларды алып чыгуу менен бирге коомдук жайлардын айланасынын тазалыгын көзөмөлдөө.

- Таштады ташталган жайдын айланасын иреттелип туруусун көзөмөлдөө.

- Айыл ичиндеги, ички арыктарды, үлүш жердеги арыктарды, айыл өкмөтүнө карамагындагы каналдарды убагында тазалоо иштерине көзөмөлдөө.

-Таза сууга төлөнүүчү төлөмдөрдүн жыйналуусун көзөмөлгө алуу,

- Таза суунун тазалануусун (хлор мөөнөтүндө салып турууну) көзөмөлдөө.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Реглемант, мыйзамдуулук, укук тартиби, жана депутаттык этика маселелер» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым

 

Г.Жороева