МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 20
Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине жана Кыргыз Респуликасынын Министлер Кабинетинин №52 токтомунун 6-пунктуна ылайык Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуучаралар боюнча сунушун угуп, Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой элеинвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартиби дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Тартиптин бекитилген фунцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелердиаткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
3. Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19- апрель №20 токтомун Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Реглемант, мыйзамдуулук, укук тартиби, жана депутаттык этика маселелер» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |
Мырза-Аке айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрель № 20 токтомуна 1-тиркеме
Жергиликтүү маанидеги “тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү кмсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, фунциялардын, милдеттенмелердин тизмеги
№ | Кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин аталышы | Аткаруу үчүн жооптуу жак |
1.Кызматтар | ||
1.1 | Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү |
|
2.функциялар | ||
2.1 | Айыл өкмөтүнүнбашчысынын бассейндик кеңештин ишине катышуусу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
|
|
|
2.2 | Муниципалдык менчиктердин реестринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү | Айыл өкмөтүнүн финанслык –экономикалык бөлүмү |
2.3 | Кызмат көрсөтүүөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн финанслык –экономикалык бөлүмү |
2.4 | Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы
Айылдык Кеңеш |
2.5 | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.6 | Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан административдик жоопкерчилик маселелери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу | Айыл өкмөтүнүн башчысы
Айылдык Кеңеш |
2.7 | Ирригациялык кызматтардын төлөмүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Айылдык Кеңеш |
2.8 | Мырза-Аке айылдык аймагында ирригациялык өнүктүрүүбоюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы
Айылдык Кеңеш |
3.Милдеттемелер | ||
3.1 | Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн обьекттери катары колдонууга берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы
Айылдык Кеңеш |
3.2 | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы
Айылдык Кеңеш |
3.3 | Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды бөлүп берүү | Жергиликтүү кеңеш |
3.4 | Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөттүнүн башчысы |