Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 4-апрели № 2/7

 

АРИС тарабынан келген тракторду балансаска алуу жана жооптуу

адамга бекитип берүү жөнүндө

 

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековтун Кара-Таш айыл өкмөтү Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө бириктирилгендигине байланыштуу, Кара-Таш айыл өкмөтүнө АРИС тарабынан келген тракторду шаймандары менен балансаска алуу жана жооптуу адамга бекитип берүү жөнүндөгү маалыматын угуп талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 07-февралындагы “Пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомуна ылайык, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

      

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын элдерине кызмат кылуу үчүн “Беларусь- 82,1” трактору шаймандары менен биргеликте айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын жана келишимдин негизинде берилсин.

 

2.Техниканы ар дайым оң абалда кармоо, бузулган жерлерин өз каражатынан оңдоо трактордун шаймандарын этияттык менен кароо жагы келишим түзүлгөн жаранга жүктөө жагы каралсын.

3.Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Амирбеков Алмазбекке милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

М. А. Камалов