Редакцияот 04.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2024-жылдын 4-апрели № 2/10

 

Жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө

 

 

Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын Эски-Покровка айылынын тургуну Жолуев Ильяздын арызында көрсөтүлгөн Эски-Покровка айылынын К. Сайпидинов көчөсүндөгү 5-06-12-1009-0397 номери менен турак жай болуп катталып, ээлеген жери 400 м.Кв. болгон жер тилкесин элдерди тейлөөгө (соода саттыка) багытын өзгөртүү боюнча корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, КР Жер Кодексинин 12 жана 13-беренелерине ылайык

        

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Эски-Покровка айылынын К. Сайпидинов көчөсүндөгү 5-06-12-1009-0397 номери менен турак жай болуп катталып, ээлеген жери 400 м.Кв. болгон жер тилкесин элдерди тейлөөгө (соода саттыка) багытын өзгөртүү макулдук берилсин.

2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Жолуев Ильязга милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол транспорт, энергетика коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

М. А. Камалов