КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 4-апрели № 2/11
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча кызматкер алуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековтун Кара-Таш айылына кырдаалга байланыштуу, айыл өкмөтүнүн айыл чарба, жер маселелер, өзгөчө кырдаалдар, боюнча жетектөөчү адиске кошумча (жардамчы катары) контрактын негизинде кызматкер алуу боюнча сунушун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековтун сунушу колдоого алынсын.
2. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Амирбеков Алмазбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| М. А. Камалов |