Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXII-сессиясы

 

2023-жылдын 4-октябры № 2

 

Базар-Коргон шаарына караштуу Чубак-Ажы Жалилов айылында жайгашкан 2,0 гектар жер аянтындагы таштандыларды жыйноочу жайга, таштандыларды кайра иштетүүчү цех куруу үчүн ички инвестор “Азамат-Бол” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин, 34-беренесинин 2-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна жана 04.10.2023-жылкы чыгыш №01-17/410 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХII-сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаарына караштуу Чубак-Ажы Жалилов айылында жайгашкан 2,0 гектар жер аянтындагы таштандыларды жыйноочу жайга, таштандыларды кайра иштетүүчү цех куруу үчүн ички инвестор «Азамат-Бол» жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзүп, тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.О.Осмоновго жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Мирзахмедовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К.К. Анарбеков