Загрузка документа…
|
| 1-Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа буйругуна) |
Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү жана пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө
Жобо
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү жана пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Кыргыз Республикасынын Шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө документтерди берүү, ошондой эле пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартибин «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча белгилейт.
2. «Бирдиктүү терезе» принциби шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн борбордук мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, инженердик-техникалык кызматтар, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү төмөнкү процессте координациялоо жолу менен ишке ашырылат:
− объектти долбоорлоо шарттарын аныктоочу документтерди даярдоо жана берүү;
− долбоордук документтерди макулдашуу;
− долбоордук документтерге экспертиза жүргүзүү;
− пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо.
3. Кыймылсыз мүлк объекттерин курууга жана башка курулуштук өзгөртүүлөргө жер мамилелери, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жер тилкелерине жана башка кыймылсыз мүлк объекттерине менчик, ижара, мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз пайдалануу укуктары бар жеке жана юридикалык жактар укуктуу.
4. Ушул Жободо, ошондой эле уруксат берүүчү документтерди берүү процессинде төмөнкү терминдер колдонулат:
автордук көзөмөл – аткарылчу курулуш-монтаждоо жумуштарынын долбоордук чечимдерге ылайыктыгын контролдоо, аны долбоордун түзүүчүлөрү курулуштун бүткүл мезгилинде жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алууда ишке ашырышат.;
архитектуралык-шаар куруу кеңеши (АШК) – шаар куруучу, өзгөчө татаал жана уникалдуу объекттерди долбоорлоо жана куруу маселелерин чечүү үчүн түзүлгөн туруктуу иштеген коллегиалдуу орган, анын курамы жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет;
архитектуралык-техникалык кеңеш (АТК) – курулуш, инженердик камсыздоо жана курулуш ченемдери маселелерин стратегиялык чечүү үчүн түзүлгөн туруктуу иштеген коллегиалдуу орган, анын курамы жана ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет;
афрейм – көбүнчө кыска мөөнөттүү жашоо, туризм жана эс алуу үчүн арналган, туурасынан кесилишинде «А» тамгасын түзгөн эки жантайма чатыры бар, үч бурчтук формасындагы жеңил конструкциялардан жасалган каркастуу имарат;
банкомат – жеке адамдардын банктык операцияларга, анын ичинде накталай акча каражаттарын берүүгө, төлөмдөрдү кабыл алууга, банктык эсептерди толуктоого, ошондой эле аппараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык башка финансылык кызматтарды көрсөтүүгө аралыктан жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу автоматташтырылган түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект;
барнхаус – жөнөкөй тик бурчтуу формалары, жантайма чатыры жана минималисттик жасалгасы бар сарай архитектурасы стилинде жасалган жеңил конструкциялардан жасалган турак жай же туристтик имарат;
жашылдандыруу – аймакты курулушка жарактуу абалга келтирүү, белгиленген максатта нормалдуу пайдалануу, калктын жашоосу үчүн сергек, ыңгайлуу жана маданий шарттарды түзүү максатында жүзөгө ашырылуучу иштердин (аймакты инженердик даярдоо, жолдорду куруу, коммуникациялык тармактарды жана суу менен камсыздоо, канализация, энергия менен камсыздоо ж.б. курулмаларын өнүктүрүү боюнча) жана иш-чаралардын (аймакты тазалоо, кургатуу жана жашылдандыруу, микроклиматты жакшыртуу, аба бассейнин, ачык суу объектилерин жана топуракты булгануудан коргоо, санитардык тазалоо, ызы-чуунун деңгээлин төмөндөтүү ж.б.) жыйындысы;
блоктолгон турак үй – ар биринин көчөдөн өзүнчө кире бериши бар эки же андан көп квартирадан турган аз кабаттуу турак үй, мында квартиралар бири-бирине каптал дубалдары менен жана алардын ортосунда өтмөгү жок жанаша жайгашкан блоктордо жайгаштырылат, ар бир блок өзүнчө жер тилкесинде жайгашат жана үйгө жакын жайгашкан жер тилкесине түздөн-түз чыгууга ээ;
вендинг аппараты – сатуучунун катышуусу жок товарларды сатуу жана (же) кызматтарды көрсөтүү үчүн автоматташтырылган түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект, анын ичинде суусундуктарды, тамак-аш азыктарын, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жана башка майда чекене ассортиментти сатуу;
водомат – акы төлөнүүчү же акысыз негизде иштеген, керектөөчүлөргө ичүүчү сууну берүүгө арналган автоматташтырылган түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект;
башкы долбоорлоочу – инвестор же заказчы менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча иштерди аткаруучу тиешелүү лицензиясы бар долбоордук уюм;
глэмпинг – мейманканалык тейлөөгө мүнөздүү болгон жогорку деңгээлдеги комфорт менен салттуу кемпингдин шарттарын айкалыштырган жана көчмө, жеңил же убактылуу конструкцияларды пайдаланууга негизделген, ачык асман алдында эс алуучуларды убактылуу жайгаштыруунун уюштурулган формасы болгон жеңил конструкциялардан жасалган объект;
мамлекеттик жана муниципалдык органдар – Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, ченемдик-техникалык документтеринде жана ыйгарым укуктуу органдын буйруктарында каралган корутундуларды же уруксаттарды берүүчү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
мамлекеттик архитектуралык-курулуштук контролдоо (көзөмөл) – мамлекеттик экспертизадан өткөн долбоордук документтердин талаптарына аткарылуучу курулуш иштеринин шайкештигин текшерүү жолу менен курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын, сейсмикалык туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылуучу контролдоо (көзөмөл);
шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган – шаар куруу, архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик органдын түзүмүнө кирген, аймактык башкармалыктары бар ведомстволук бөлүм, шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу;
шаар куруу документациясы – калктуу конуштардын пландаштыруу структурасынын райондук пландаштыруу документтери, башкы пландары, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн жана башка элементтерин чектөөнүн жана куруунун толук пландаштыруу долбоорлору;
шаар куруу корутундусу – бул архитектура жана шаар куруу органдары тарабынан берилүүчү, курулушка, инженердик тармактарга кошулууга архитектуралык шарттарды жана талаптарды, ошондой эле тексттик жана графикалык материалдарды, анын ичинде чек араларын, инженердик тармактарды жана шаар куруу регламенттерин көрсөтүү менен жер тилкесинин схемасын камтыган укук белгилөөчү документ;
шаар куруу регламенти – шаардагы жана айылдагы калктуу конуштарда жер участокторду жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин куруунун жана пайдалануунун шаар куруу документтеринде белгиленген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттериндеги жол берилчү өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;
шаар куруучу объекттер – калктуу конуштарда архитектуралык-пландоо жана мейкиндиктик композициянын бирдиктүү курулушун түзүүчү, анын ичинде өлчөмдүүлүгү жана масштабы, көлөмү, түзүмү, стили, түстүк чечими менен бириктирилген курулуп жаткан жана курууга болжолдонгон имараттар жана курулмалар;
демонтаж – имараттын же курулманын конструкцияларын кайрадан колдонуу максатында мүмкүн болушунча сактоону болжолдогон этабы менен ажыратуу;
заказчы – өзүнө таандык же ага берилген жер тилкесинде капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоону жана курууну, реконструкциялоону, учурдагы объекттерди капиталдык оңдоону, ошондой эле аларды куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо үчүн инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүнү, долбоордук документацияны даярдоону камсыз кылуучу жеке же юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, тиешелүү адистештирилген уюмдар менен келишимдерди түзүү жолу менен өзүнүн жана башка каражаттарды пайдалануу;
жеңил конструкциялардан жасалган имараттар жана курулмалар – каркасынын негизи металл же жыгач конструкциялар болуп саналган тез курулуучу капиталдык курулуш объекттери;
жеке турак үй – жеке турак жай курулушу үчүн берилген жер тилкесинде курулган, анын менчик ээлери же пайдалануучулары жашоо үчүн пайдаланган жекече аныкталган турак жай имараты;
инженердик-техникалык кызматтар – долбоорлонуп жаткан курулуш объекттерин электр менен камсыздоону, жылуулук менен камсыздоону, газ менен камсыздоону, суу менен камсыздоону жана сууну чыгарууну (канализацияны), ирригация менен камсыздоо ошондой эле телефонизацияны жана байланыштын башка түрлөрүн камсыз кылуучу уюмдар;
инженердик-техникалык шарттар – объектти тармактарга кошуунун жана инженердик-техникалык жактан камсыздоонун жана инженердик коммуникацияларды алып чыгуунун шарттары жана схемалары;
имараттарды жана курулмаларды инженердик-техникалык жактан камсыздоо – адамдардын жашоо-турмушунун, материалдык баалуулуктардын сакталышынын жана өндүрүштүк процесстердин нормативдик шарттарын камсыз кылуучу инженердик тармактардын, системалардын, курулмалардын жана техникалык түзүлүштөрдүн комплекси;
инженердик-техникалык изилдөө – изилдөө объектисинин техникалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуу жана техникалык корутундуну иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон иштердин комплекси;
капиталдык оңдоо – имараттын же курулманын курулуш конструкцияларынын жана инженердик системаларынын физикалык жана моралдык эскиришин четтетүүгө, ошондой эле анын эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн жана функционалдык багытын колдоого багытталган иштердин комплекси;
линиялуу объекттерди капиталдык оңдоо – линиялуу объекттердин же алардын участокторунун классын, категориясын, белгиленген иштөө көрсөткүчтөрүн өзгөртпөстөн жана бөлүү тилкелеринин жана (же) коргоо зоналарынын чектерин оңдоонун зарылдыгы жок өзгөртүү;
долбоордук документацияга комплекстүү экспертиза жүргүзүү – долбоордук документациянын бардык түрлөрүнө бир эле учурда экспертиза жүргүзүү жана заказчынын ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик экспертиза органы же мамлекеттик эмес эксперттик уюм тарабынан камсыздалган «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча бир жерден зарыл болгон экспертизалардын бардык түрлөрү боюнча корутундуларды алуу мүмкүнчүлүгү;
линиялуу объекттер – линиялуу объекттер – электр берүүчү, байланыш линиялары (анын ичинде линиялуу-кабелдик курулмалар), түтүк өткөргүчтөр, мелиорация каналдары, дренаждык коллекторлор, селден коргоочу дамбалар, автомобиль жолдору, темир жол линиялары жана башка көмөкчү курулмалар;
капиталдык эмес курулуштар жана курулмалар – бул жер менен бекем байланышы жок, конструкциялык мүнөздөмөлөрү алардын ордун которууга жана (же) андан ары чогултуу менен демонтаждоого мүмкүнчүлүк берген жана негизги параметрлерин өзгөртпөстөн, анын ичинде күркөлөр, чатырлар, заводдо даярдалган модулдук имараттар, бетон аралаштыруучу жана асфальтбетон орнотмолору, аттракциондор жана кыймылсыз мүлк болуп саналбаган башка ушул сыяктуу объекттер болгон жеңилдетилген типтеги курулуштар, курулмалар жана объекттер;
ченемдик-техникалык документтер – белгиленген тартипте бекитилүүчү курулуш ишмердүүлүгүнүн ар кандай түрлөрүнө же алардын натыйжаларына тиешелүү ченемдерди жана эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү белгилөөчү документтер;
капиталдык курулуш объектиси – кыймылсыз мүлк болуп саналбаган капиталдык эмес курулуштарды жана курулмаларды кошпогондо, жер менен бекем байланышкан имарат, курулуш же курулма;
курулуш объектиси – курулуп жаткан имарат, курулма же имараттардын жана курулмалардын комплекси;
архитектуралык кичи формалардын объекттери – жасалгалык-монументалдык искусствонун объекттери (стеллалар, эстеликтер, аркалар), фонтандар, жасалгалык тосмолор, анын ичинде жарнамалык конструкциялар жана дизайндын жана көрктөндүрүүнүн башка элементтери;
жеңилдетилген типтеги объекттер – көчмө жана көчүрмө чатырлар, күркөлөр, текчелер, павильондор, жайкы аянтчалар, чатырлар, суусундуктарды сатуучу көчмө (мобилдик) түйүндөр, коомдук тамактануучу көчмө түйүндөр жана бийиктиги 3 метрге чейинки башка курулуштар жана курулмалар, ошондой эле бийиктиги 8 метрге чейинки жарнамалык конструкциялар, кыймылсыз мүлк объекттери болуп саналбайт жана жайгаштырууга жол берилет;
өзгөчө татаал жана уникалдуу курулуш объекттери – долбоордук документтеринде физикалык же геометриялык сызыктуу эмес параметрлер эске алынган стандарттуу эмес эсептөө методдору колдонулган конструкциялардын жана конструкциялык системалардын болушу каралган же иштеп чыгууда эсептөөнүн атайын методдору колдонулчу капиталдык курулуш объекттери.
пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо – курулушу аяктаган объекттин техникалык регламенттердин жана долбоордук документациянын талаптарына ылайыктуулугун ырастоо;
кайра пландоо – кыймылсыз мүлк объектисинин (имараттардын, курулмалардын, жайлардын же алардын айрым бөлүктөрүнүн) учурдагы пландоо чечимдерин өзгөртүү;
кайра профилдөө – имараттардын же жайлардын функционалдык багытын өзгөртүү;
төлөм терминалы – оператордун катышуусу жок төлөмдөрдү кабыл алууга, акча каражаттарын которууга, ошондой эле башка финансылык операцияларды жүзөгө ашырууга арналган өзүн-өзү тейлөөчү электрондук түзүлүш болгон жеңилдетилген типтеги объект;
кайталап колдонулуучу долбоор – экспертизанын оң корутундусун алган жана багыты жана долбоордук кубаттуулугу боюнча окшош капиталдык курулуш объектисин куруу үчүн долбоордук документацияны иштеп чыгууда толук же жарым-жартылай пайдаланууга жарактуу капиталдык курулуш объектисинин долбоордук документациясы;
жанаша курулуш – бул анын функционалын же аянтын кеңейтүү үчүн негизги имаратка жанаша курулган кошумча жай же курулуш;
долбоордук документация – курулуш объекттерин жана/же алардын бөлүктөрүн курууну, реконструкциялоону же башка өзгөртүүлөрдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон архитектуралык, функционалдык-технологиялык, конструкциялык жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктоочу графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;
курулуп жаткан объекттердин реестри – курулуш стадиясында турган курулуш объекттери жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү жалпыга жеткиликтүү электрондук маалымат базасы, анын ичинде жайгашкан жери, заказчынын аталышы, башкы подрядчы жана субподряддык уюмдар, техникалык жана автордук көзөмөл, жумушчулардын өндүрүүчүсү, берилген уруксат берүүчү документация, шаар куруу жана архитектура органдарында макулдашуу датасы менен долбоордук документация, мамлекеттик экспертизанын оң корутундусунун реквизиттери, инженердик-техникалык тармактардын болушу жана каржылоо булагы, ошондой эле долбоордук уюмдун, башкы подрядчынын жана субподряддык уюмдардын лицензияларынын реквизиттери;
реконструкциялоо (кеңейтүү) – ишканалардын, имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерин, технологиялык жана инженердик жабдууларын өзгөртүү;
линиялуу объекттерди реконструкциялоо – эксплуатациянын натыйжалуулугун жогорулатуу, заманбап стандарттарга шайкеш келтирүү же кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу максатында линиялуу объекттердин инфраструктурасын жакшыртууга, модернизациялоого же кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдүн процесси, ал линиялуу объекттердин же алардын участокторунун классын, категориясын жана (же) баштапкы белгиленген иштөө көрсөткүчтөрүн өзгөртүүгө алып келүүчү параметрлерин өзгөртүүнү камтыйт, ошондой эле бөлүү тилкелеринин жана (же) коргоо зоналарынын чектерин өзгөртүүнү талап кылышы мүмкүн;
капиталдык курулуш объекттерин реконструкциялоо, линиялуу объекттерди кошпогондо – капиталдык курулуш объектисинин же анын бөлүктөрүнүн параметрлерин өзгөртүү, мисалы, бийиктиги, кабаттуулугу, аянты, көлөмү, анын ичинде курулманын үстүнө куруу, кайра куруу, кеңейтүү, ошондой эле көтөрүүчү курулуш конструкцияларын алмаштыруу же калыбына келтирүү, конструкциянын айрым элементтерин окшош же конструкциянын көрсөткүчтөрүн жакшыртуучу элементтерге алмаштырууну жана аларды калыбына келтирүүнү кошпогондо;
бузуу – аймакты андан ары пайдалануу үчүн бошотуу же реконструкциялоо максатында имараттарды, курулмаларды, конструкцияларды же алардын бөлүктөрүн талкалоо же алып салуу процесси;
долбоордук документацияны макулдашуу – долбоордук документациянын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана ченемдик-техникалык документтеринин талаптарына шайкештигин баалоо;
курулма – жер үстүндөгү, жерден жогору же жер астындагы бөлүктөрдү камтыган сызыктуу, жалпак же көлөмдүү типтеги аяктаган курулуш объектиси, анын курамына көтөрүүчү, ал эми айрым учурларда тосмо конструкциялар кирет, мисалы, плотиналар, жолдор, телемунаралар, стадиондор, автопарктар, вокзалдар, инженердик-техникалык курулмалар, мисалы, электр берүү линиялары, жылуулук электр борборлору, түтүк өткөргүчтөр, кабелдик жана радиого берүүчү байланыш линиялары;
курулуш авариясы – курулуш объектисинин же анын бөлүгүнүн курулуш процессинде же эксплуатациялоодо күтүлбөгөн жерден көзөмөлсүз бузулушу;
курулуш аянты – курулуп жаткан объектти жайгаштыруу жана имараттарды жана курулмаларды тургузуу процессинде пайдаланылуучу машиналарды, материалдарды, конструкцияларды, өндүрүштүк жана санитардык-тиричилик жайларын жана коммуникацияларды жайгаштыруу үчүн белгиленген тартипте бөлүнгөн аймак;
курулуш-монтаждоо иштери – имараттарды, курулмаларды, инженердик-техникалык жактан камсыздоо тармактарын, ошондой эле линиялуу объекттерди тургузууда аткарылуучу иштердин комплекси;
курулуштун башкы планы – курулуш аянтын уюштурууну регламенттөөчү курулушту уюштуруу долбоорунун бөлүгү;
техникалык көзөмөл – курулуш өндүрүшүнүн технологиясынын сакталышын камсыз кылуу, аткарылуучу иштердин жана колдонулуучу материалдардын, буюмдардын жана конструкциялардын курулуш долбоорунун жана колдонуудагы ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келишин камсыз кылуу максатында көз карандысыз инженер-консультант (консультациялык фирма) тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш-монтаждоо иштеринин сапатына үзгүлтүксүз контролдук;
техникалык регламент – Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишим (макулдашуу), продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (изилдөөлөрдү кошуу менен), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо, утилдештирүү процесстерине карата колдонуу жана аткаруу үчүн милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзам же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому, ошондой эле белгиленген талаптарга алардын шайкештигин баалоонун формалары жана жол-жоболору;
технологиялык кошуу – тиешелүү ресурстун зарыл болгон кубаттуулугун кошуу чекитинде (чекиттеринде) камсыз кылуу үчүн инженердик-техникалык жана уюштуруучулук иш-чаралардын комплекси;
типтүү долбоор – курулуштун конкреттүү шарттарына байлоо менен көп жолу колдонууга арналган ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте бекитилген долбоордук документация;
кошуу чекити – бул курулуш объектисине же жер тилкесине коммуникациялардын схемасына ылайык эң жакын болгон, курулуп жаткан (реконструкцияланып жаткан) объектти электр менен камсыздоо, жылуулук менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, сууну чыгаруу (канализация), ирригация менен камсыздоо ошондой эле телефонизация жана байланыштын башка түрлөрү тармактарына кошуу үчүн зарыл болгон түзүлүштөр жана курулмалар менен инженердик-техникалык жактан камсыздоо тармактарынын кошулуучу жери, курулуш объектисинен 100 метрден ашпаган аралыкта;
долбоордук документацияга экспертиза жүргүзүү – долбоордук документациянын бөлүмдөрүнүн долбоордук-техникалык чечимдеринин ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келүүсүн же шайкеш келбесин баалоо;
автомобилдер үчүн электр кубаттоочу түзүлүш – коомдук же жеке аймактарда стационардык же убактылуу орнотулуучу электромобилдердин аккумулятордук батареяларын кубаттоого арналган техникалык каражат болгон жеңилдетилген типтеги объект;
пландоо түзүмүнүн элементи – шаардын же конуштардын аймагынын бир бөлүгү, шарттуу түрдө бөлүнгөн же жолдор, көчөлөр, өтмөктөр менен чектелген, мисалы, квартал, микрорайон, көчө;
аймакты көрктөндүрүү элементтери – жасалгалык, техникалык, пландоочу жана конструкциялык түзүлүштөр, өсүмдүк компоненттери, жабдуулардын жана жасалгалоонун ар кандай түрлөрү, архитектуралык кичи формалар, капиталдык эмес стационардык эмес курулмалар, сырткы жарнама жана көрктөндүрүүнүн ажырагыс бөлүгү катары колдонулуучу маалымат;
эскиздик план – трассалык чечимдерди, объекттин болжолдуу абалын жана инженердик тармактар жана башка элементтер менен кесилишүүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган, долбоорлоо үчүн баштапкы маалыматтарды макулдашуу жана даярдоо үчүн колдонулуучу жергиликтүү жерге линиялуу объектти жайгаштырууну негиздөөгө арналган алдын ала пландоо-графикалык документ;
эскиздик долбоор – көлөмдүк-пландоо чечимдерин, графикалык сүрөттөлүштөрдү, 1:500 масштабындагы башкы пландын схемасын жана инженердик тармактарга техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана жүктөмдөрдү эсептөөлөрү бар түшүндүрмө жазууну камтыган, ал болгон учурда шаар куруу документациясына ылайык иштелип чыккан концептуалдык архитектуралык-шаар куруу сунушу;
кабаттуулук – бул имараттын же курулманын бардык жер үстүндөгү, техникалык жана цоколдук кабаттарын кошуу менен кабаттарынын саны, мансарданы эске албаганда жана анын архитектуралык, курулуштук жана ченемдик мүнөздөмөлөрүнө таасир этүү менен анын өлчөмүн сүрөттөө үчүн колдонулат;
боз үй шаарчасы – салттуу боз үйдүн конструкциясынын негизинде жасалган жана негизинен туризм максатында, маданий иш-чараларды өткөрүү жана этнографиялык эс алууну уюштуруу үчүн сезондук же убактылуу жашоого арналган убактылуу же жеңилдетилген турак жай модулдарынын комплекси болгон жеңилдетилген типтеги объект.
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2-бөлүм. Долбоорлоо үчүн документтерди алууну талап кылган курулуштун жана объекттердин башка өзгөрүүлөрүнүн түрлөрү
5. Курулуштун төмөнкү түрлөрүн жүзөгө ашырууда, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө заказчы уруксат берүүчү документтерди алуунун жалпы процессинен өтүүгө милдеттүү:
1) аянты 500 чарчы метрден ашык, ошондой эле бийиктиги 3 кабаттан ашык болгон учурдагы имараттарга жана курулмаларга кошумча курулуштар;
2) аянтына жана кабаттуулугуна карабастан өнөр жай багытындагы объекттер;
3) линиялуу объекттерди, инженердик тармактарды жана курулмаларды куруу жана реконструкциялоо объекттери;
4) аянты 1000 чарчы метр жана андан ашык, ошондой эле бийиктиги 3 кабаттан ашык болгон курулуш объекттери;
5) ушул Жободо көрсөтүлгөн объекттерди кошпогондо, курулуштун I, II жана III категорияларына тиешелүү курулуш объекттери;
6) көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен учурдагы объекттерди реконструкциялоо, кайра профилдөө, кайра куруу жана кайра пландоо.
6. Төмөнкү курулуш иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, заказчы документтерди жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу процедурасынан өтүүгө милдеттүү:
1) аянты 500 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 3 кабаттан ашпаган, учурдагы имараттарга жана курулмаларга жанаша курулган кошумча курулуш объекттери;
2) фермердик, балык чарбасы же токой чарбасы үчүн арналган жер тилкелеринде жайгашкан, аянты 1000 чарчы метрге чейинки тез курулуучу (жеңил) конструкциялардан жасалган айыл чарба багытындагы объекттер;
3) фермердик, балык, токой чарбасын жүргүзүү үчүн арналган жер тилкелеринде, ошондой эле калктуу конуштардын чегинен тышкары рекреациялык зоналарда жайгашкан, жалпы аянты 200дөн 500 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги үч кабаттан ашпаган жеке турак үй жана чарбалык багыттагы курулуш объекттери;
4) жалпы аянты 200дөн 500 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 3 кабаттан ашпаган жеке турак үй курулушунун объекттери;
5) аянты 1000 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 3 кабаттан ашпаган курулуш объекттери;
6) автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу, анын ичинде ачык чатырдын астына жайгаштыруу;
7) жанаша аймактарга кире бериштерди, чыга бериштерди (өтмөктөрдү) уюштуруу, ошондой эле тротуарларды жана велосипед жолдорун куруу;
8) көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечимдерди өзгөртпөстөн, учурдагы объекттерди кайра профилдөө жана кайра пландоо;
9) көрүүчүлөр үчүн трибуналарды орнотууну караштырбаган, тиешелүү инфраструктурасы бар тегиздик спорттук жана маданий курулмалар;
10) бийиктиги 3 метрден 8 метрге чейинки жеңил конструкциялардан жасалган жарнамалык конструкциялар;
11) бийиктиги 25 метрге чейинки байланыш курулмалары, техникалык жайлар жана коомдук, турак жай жана өндүрүштүк багыттагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо стадиясында милдеттүү инфраструктуралык элемент катары байланыш линиясы үчүн ыкчам жолдор;
12) башка капиталдык эмес курулуштар жана курулмалар.
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкү курулуш иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, заказчы документтерди өзгөчө (тездетилген) тартипте алуу процедурасынан өтүүгө милдеттүү:
1) жалпы аянты 200 чарчы метрден ашпаган жана бийиктиги эки кабаттан жогору эмес жеке турак үйдүн курулушу;
2) фермердик, балык, токой чарбасын жүргүзүү үчүн арналган жер тилкелеринде, ошондой эле калктуу конуштардын чегинен тышкары рекреациялык зоналарда жайгашкан, жалпы аянты 200 чарчы метрден ашпаган жана бийиктиги эки кабаттан жогору эмес жеке турак үйдүн курулушу;
3) бийиктиги 3 метрге чейинки жеңилдетилген материалдардан жасалган капиталдык эмес байланыш курулмаларын жана жарнамалык конструкцияларды орнотуу жана жайгаштыруу;
4) жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу жана жайгаштыруу;
5) жеңил конструкциялардан жасалган туризм жана эс алуу объекттерин, анын ичинде афреймдерди, барнхаустарды, глэмпингдерди, ошондой эле жеңилдетилген типтеги объекттерди – боз үй шаарчаларын орнотуу жана жайгаштыруу;
6) кичи архитектуралык формалардын объекттерине тиешелүү курулмаларды орнотуу жана жайгаштыруу;
7) автомобильдер үчүн электр кубаттоочу түзүлүштөрдү, сууматтарды, вендинг аппараттарын, төлөм терминалдарын жана банкоматтарды орнотуу жана жайгаштыруу.
8. Курулуштун жана кыймылсыз мүлк объекттеринин төмөнкү түрлөрү үчүн долбоорлоо, макулдашуу жана мамлекеттик экспертиза жүргүзүү үчүн документтерди алуу талап кылынбайт:
1) көлөмдүк-пландоо өзгөрүүлөрсүз мурда болгон объекттин өрттөн кийин курулушту калыбына келтирүү;
2) көлөмдүк-пландоо чечимдерин, көтөрүүчү конструкцияларды, инженердик-техникалык камсыздоону өзгөртпөстөн жана учурдагы жүктөмдөрдү көбөйтпөстөн, уруксат берилген пайдалануу түрлөрүнүн чегинде жайларды кайра профилдөө, парковка орундарын кошпогондо;
3) тарыхый-маданий мурастын кыймылсыз объекттеринин коргоо зоналарына, объекттердин коргоо зоналарына жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына таасир этпеген учурдагы жеке турак үйлөргө жайкы, турак жай жана турак жай эмес жайларды жанаша куруу;
4) бардык түрдөгү оңдоо жана жасалгалоо иштери, анын ичинде капиталдык оңдоо.
9. Эгерде заказчы ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн курулуш объекттеринин комплексин (мисалы, коттедж шаарчасы) бир жер тилкесинде долбоорлосо, анда мындай объекттердин ар бирине ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында белгиленген талаптар колдонулат.
3-бөлүм. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттерди долбоорлоо, куруу жана ылайыктуулугун баалоону жүзөгө ашыруу үчүн документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу органдар
10. Шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу жана инженердик-техникалык шарттарды түзүү, ошондой эле долбоордук документацияны макулдашуу шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. Комплекстүү экспертизаны долбоордук жана долбоордук-сметалык документацияга экспертиза жүргүзүү жаатында иш жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү) камсыз кылат, мында:
1) курулуш ченемдерине жана эрежелерине шайкеш келүүсү боюнча долбоордук документацияга экспертизаны ыйгарым укуктуу органдын эксперттик бөлүмү жүзөгө ашырат;
2) долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертизаны өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган жүргүзөт;
3) долбоордук документацияга экологиялык экспертизаны айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат;
4) долбоордук документацияга өнөр жай коопсуздугу боюнча экспертизаны өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты жана ченемдик укуктук жөнгө салууну иштеп чыгуу менен алектенген ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
12. Пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоону архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндө көзөмөл жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык башкармалыктары жүзөгө ашырат.
13. Курулуш объектисин пайдаланууга киргизүү заказчы тарабынан пайдаланууга берилүүчү курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо актысынын же курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
4-бөлүм. Долбоорлоо жана куруу үчүн документтерди берүүнүн негизги этаптары, мөөнөттөрү
14. Долбоорлоо жана куруу үчүн документтерди шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган жер тилкелерине укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин негизинде жана ыйгарым укуктуу органдын экспертиза боюнча мамлекеттик органы макулдашылган долбоордук документациянын негизинде «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча берет.
15. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү төмөнкү ырааттуу тартипте жүзөгө ашырылат:
1) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан эскиздик долбоорду же эскиздик планды кароо;
2) зарыл болгон учурда – Архитектуралык-техникалык кеңештин жана (же) Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин кароосуна эскиздик материалдарды киргизүү;
3) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын корутундуларын (уруксаттарын), ошондой эле тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды чогултуу;
4) инженердик-техникалык кызматтар тарабынан техникалык шарттар берилген учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу;
5) заказчы тарабынан долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
6) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Башкы план» жана «Архитектуралык чечимдер» бөлүмдөрүн макулдашуу;
7) долбоордук документтерге ишенимдүүлүк жана коопсуздук талаптарына (анын ичинде конструкциялык чечимдерге жана ички инженердик тармактарга) шайкештигин аныктоо үчүн жетиштүү болгон бөлүгүндө экспертиза жүргүзүү;
8) курулуп жаткан объекттердин реестрине объектти киргизүү жана курулуш-монтаждоо иштерин баштоо;
9) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан инженердик-техникалык шарттарды түзүү;
10) заказчы тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн иштеп чыгуу;
11) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн макулдашуу;
12) долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүнө мамлекеттик экспертиза жүргүзүү;
13) курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоо жана шайкештик актысын берүү;
14) объектти заказчы тарабынан пайдаланууга берүү.
16. Ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга берүү төмөнкү ырааттуу тартипте жүзөгө ашырылат:
1) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан эскиздик долбоорду же эскиздик планды кароо;
2) зарыл болгон учурда – Архитектуралык-техникалык кеңештин жана (же) Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин кароосуна эскиздик материалдарды киргизүү;
3) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын корутундуларын (уруксаттарын), ошондой эле тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды чогултуу;
4) инженердик-техникалык кызматтар тарабынан техникалык шарттар берилген учурда шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан шаар куруу корутундусун иштеп чыгуу;
5) заказчы тарабынан долбоордук документтерди иштеп чыгуу;
6) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Башкы план» жана «Архитектуралык чечимдер» бөлүмдөрүн макулдашуу;
7) заказчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу;
8) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан инженердик-техникалык шарттарды түзүү;
9) заказчы тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн иштеп чыгуу;
10) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан долбоордук документтердин «Сырткы тармактар» бөлүмүн макулдашуу;
11) курулушу аяктаган объекттин шайкештигин ыктыярдуу түрдө баалоо жана курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө тастыктоону берүү;
12) объектти заказчы тарабынан пайдаланууга берүү.
17. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо, куруу жана пайдаланууга киргизүү төмөнкү ырааттуу тартипте жүзөгө ашырылат:
1) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан эскиздик долбоорду же эскиздик планды кароо;
2) зарыл болгон учурда – Архитектуралык-техникалык кеңеште жана (же) Архитектуралык-шаар куруу кеңешинде эскиздик материалдарды кароо;
3) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардан корутундуларды (уруксаттарды), ошондой эле тиешелүү инженердик-техникалык кызматтардан техникалык шарттарды чогултуу;
4) шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган тарабынан шаар куруу корутундусун жана инженердик-техникалык шарттарды берүү;
5) заказчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу;
6) курулушу аяктаган объекттин шайкештигин баалоону ыктыярдуу тартипте жүргүзүү жана курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоону берүү;
7) заказчы тарабынан объектти пайдаланууга киргизүү.
171. Инженердик тармактарга кошулган учурдагы объектилер менен түздөн-түз жакын жайгаштырылган сууматтар жайгаштырылганда, шаар куруу корутундусунун графикалык бөлүмүн даярдоо үчүн топографиялык сүрөткө тартуу талап кылынбайт, эгерде төмөнкү шарттар сакталса:
- водомат туташтырылган объект жайгашкан жер участогунун чегинде жайгашкан аймакта жайгаштырылат;
- жер участогунда инженердик тармактарды жаңыдан төшөбөстөн водоматты туташтыруу (иштеп жаткан туташуу чекиттерин колдонуу менен);
- водомат жайгаштыруу курулуш линиясын өзгөртүүнү, коргоо же санитардык зоналарга таасир этүүнү талап кылбайт жана аймактын пландаштыруу түзүмүн бузбаса;
- өтмөктөрдүн жана жөө жүргүнчүлөр жолдорунун коопсуздугу, ошондой эле учурдагы инфраструктуранын сакталышы камсыздалса.
Белгиленген учурларда, жер участогунун актуалдуу шаар куруу планынын же водоматтын жайгашкан жерин байланыштыруу жана туташтыруу чекитин көрсөтүү менен объекттин кабаттуу планынын негизинде графикалык материалды даярдоого жол берилет.