Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа буйругуна)
|
Техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежелери
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 97-чуа, 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууну, пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү жүргүзгөн уюмдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар ортосунда техникалык шарттарды аныктоо жана берүү, жаңы курулуш объекттерин кошуу, реконструкциялоо, кайра профилдөө, кайра пландоо, процессинде же курулган, бирок электр, газ, жылуулук, суу менен камсыздоо жана суу бөлүп чыгаруу, ирригация инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына (мындан ары - техникалык шарттар) кошулбаган объекттерди кошууда пайда болгон мамилени жөнгө салат, ошондой эле техникалык шарттарды аныктоо жана берүү, объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу жана кубаттуулукту көбөйүүнү же азайтууну эске алуу менен баланстык тиешелүүлүгүн аныктоо тартибин жөнгө салат.
(КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 102-чуа буйругунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Эрежелер инженердик-техникалык камсыздоо тармактарын куруунун (реконструкциялоонун) же ресурстарды өндүрүү боюнча жабдууларды инженердик-техникалык камсыздоонун технологиялык байланышкан тармактарына убактылуу же туруктуу кошуунун жыйынтыгында да колдонулат.
3. Ушул Эрежелер техникалык шарттарды алуунун жана объекттерди инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуунун тартибин белгилейт, алар үч этапты камтыйт:
− инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга техникалык шартты алуу;
− инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошууга келишимдерди түзүү;
− ресурстарды берүүгө жана техникалык тейлөөгө келишимдерди түзүү.
4. Ушул Эрежелерде, ошондой эле техникалык шарттарды алуу жана технологиялык кошууну жүзөгө ашыруу процессинде колдонулуучу түшүнүктөр:
абонент — уюштуруу-укуктук формасына карабастан, ички же кошулган тармактары менчик же баланстык таандыктык белгилери боюнча аны менен бөлүнүү чеги бар инженердик-техникалык камсыздоо уюмунун тармактарына туташкан, ошондой эле ресурстарды жеткирүүгө (камсыздоого) жана/же иштетилген ресурстарды бөлүп берүүгө белгиленген тартипте келишим түзгөн жеке же юридикалык жак;
базалык мезгил — базалык акынын өлчөмүн эсептөө үчүн колдонулган жөнгө салуу мезгилине чейинки мезгил;
технологиялык кошууга төлөмдүн базалык өлчөмү — электр жана жылуулук менен камсыздоонун учурдагы инфратүзүмүн өнүктүрүү максатында белгиленүүчү, белгиленген бир бирдик кубаттуулукту кошуу чыгымдарынын орточо салмакталган көрсөткүчү;
үй ичиндеги (ички) тармактар — имараттын ичинен өткөн жана керектөө приборлоруна ресурстарды берүүнү же саркынды сууларды чыгарууну камсыз кылган инженердик тармактар;
шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик орган –шаар куруу, архитектуралык-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу борбордук мамлекеттик органдын түзүмүнө кирген, аймактык башкармалыктары бар тузүмдүк бөлүм, шаар куруу жана архитектура жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу орган;
менчик (баланстык таандыктык) чеги —менчик, чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу белгиси боюнча менчик ээлеринин ортосундагы инженердик-техникалык камсыздоо тармактарынын элементтерин бөлүү сызыгы;