Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз VI сессиясынын жыйыны

2024-жылдын 13-сентябры № 6/15

Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388-беренесине ылайык аталган берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Моңошеванын берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Ылай-Талаа айыл аймагында жер салыгынын өлчөмдөрүн дифференциялоо боюнча айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү 1,5 болуп бекитилсин жана 2025-жылдын 1-январынан баштап колдонууга алынсын. 

2. Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын Кз зоналдык коэффициенттин маанисинин өлчөмү бекитилгендигине байланыштуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга караган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө тиешелүү  түзөтүүлөрдү киргизүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Козуевге милдеттендирилсин.  

3.Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык   Кеңешинин  социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Кадыркулов