Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясынын жыйыны

2025-жылдын 25-февралы № 2/4

Сай айылынын Ак-Талаа участкасында жашаган тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү долбооруна сунушталып жаткан долбоордун өздүк салымын айыл өкмөтүнүн бюджетинен карап берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин жана Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин Регламентинин 1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна -“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Сай айылынын Ак-Талаа участкасында жашаган тургундарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүнЫлай-Талаа  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджетинин эсебинен 182 882 ( бир жүз сексен эки миң сегиз жүз сексен эки ) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Козуевге милдеттендирилсин.

 

2. Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык    Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Мойдунов