Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык  кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 2/7

Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын 2025-жылга карата туруктуу комиссияларынын иш пландары боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34, 37-беренелерин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин (иш план тиркелет).

  2. Керме-Тоо айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларына кабыл алынган иш план боюнча айыл өкмөтү менен биргеликте иш алып баруу жагы жүктөлсүн.

  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек