Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык  кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 2/9

Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас айылынын тургуну А.Исаевдин

жазган арызын кароо жөнүндө

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 4-маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас айылынын тургуну А.Исаевдин жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй                        

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Манас айылынын тургуну А.Исаевдин  жазган арызы канааттандырылсын.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылында жайгашкан 200,0 чарчы метр жер тилкесин турак жай багытынан башка багытка которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек