Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык  кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 2/11

Имаратты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган 4-маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Жаштык айылынын тургуну К.Шарабидиновдун жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы төмөндөгүдөй                                                 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жаштык айылынан тургуну К.Шарабидиновдун эски Токтогул атындагы №10 орто мектебинин жанында пайдаланылбай турган эски имаратты оңдоп-түзөп, мал-жандыктарды ветеринардык жактан тейлөө максатында ветеринардык аптека ачууга уруксат сурап жазган арызы канааттандырылсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек