Редакцияот 16.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык  кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2025-жылдын 16-январы № 2/14

2025-2027-жылдарга карата Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин  88-беренесине ылайык, Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык кеңеши төмөндөгүдөй                                                 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. 2025-2027-жылдарга карата Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы  тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Б.Мамажунусовго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек