НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2024-жылдын 9-январы № XIX-2
Найман айыл өкмөтүнүн балансындагы имараттарды убактылуу ижарага берүү жөнүндө .
Найман айыл өкмөтүнүн балансындагы эски мончонун, аялдаманын жана эски УДТнын имараттарын элге жакшы шарт түзүүгө иштетип туруу үчүн суранган жарандарга, Кыргыз Республикасынын турак жай Кодексинин 13-26- беренелеринин негизинде, убактылуу ижарага берүү максатында Найман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Найман айылынын тургундары:
1.А.Исманалиева эски мончонун имаратын ондоп, фитнес клуб ачуу
2. Ш.Сапарова эски УДТнын имаратын жем сатуучу жай ачуу
3.М.Ибраева эски аялдаманы ондоп кичи дүкөн ачуу үчүн жазган арыздары кароого алынсын жана суралган имараттар үчүн келишим түзүлүп, убактылуу ижарага берилсин.
2.Жогорудагы жарандарга убактылуу ижарага келишим түзүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Сатар уулу |