Редакцияот 09.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 ТОКТОМ

Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы

2024-жылдын  9-январы № XIX-3

Найман айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы айылдык Бюджеттин аткарылышы, 2024-жылга жергиликтүү бюджети жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө                                     .

Найман айыл өкмөтүнүн 2022-жылга Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга каралган айыл өкмөтүнүн бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын, Найман айылдык кеңешинин “Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк ” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү ” Мыйзамынын 27-беренесинин 5 пунктуна ылайык Найман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. 2024-жылга Найман айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 7733,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.

- Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 2024-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы,соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга ) каржылануусу белгиленсин.

3. Найман айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.

-Кирешенин болжолу 2025-жылга 6499,9 миң сомго (Республикалык бюджеттен алынуучу грантт 2983,0 миң сом менен ) жана 2026-жылга 6525,1миң сомго (республикалык бюджеттен алынуучу грантт 2983,0 миң сом менен ) белгиленсин.

-Найман айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.

4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

5. Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу ) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.

6. Айыл өкмөттүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:

- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде,эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

- Ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;

- Киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароого.

7. 2024-жылда айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландарынын ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешке ыйгарылсын.

8.Айыл өкмөттүн аймагындагы мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

9. Найман айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 8467,2 миң сом,чыгаша бөлүгү 8467,2 миң сомго аткарылгандыгы 4,5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеңешинин “Экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

А. Сатар уулу