НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Найман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2024-жылдын 9-январы № XIX-5
Найман айыл өкмөтүнүн Батыш көчөсүнөн кум шагыл алуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө .
Найман айыл өкмөтүнүн Батыш көчөсүнөн кум шагыл алуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Найман айылынын батыш тарабынан кум шагыл аралашмасын казып алып, иштетүү үчүн 1,40 га жер аянтын “Ноорке” жоопкерчилиги чектелген коомуна ажыратып берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
2.Берилген жер аянтын мыйзамдаштырып, документтештирүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Сатар уулу |