Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры  № 1-1

«Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

       1. «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин  төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

       2. Арапов Расулбек Турганбаевич «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин төрагасы  болуп шайлангандыгы таанылсын.

       3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

Г. Арипова