Редакцияот 30.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жар айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

2024-жылдын 30-декабры  № 3-12

Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата бюджетин жана 2025-жылга карата бюджетинин чыгашалар бөлүгүн бекитип берүү жөнүндө

 

Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата бюджетин  жана 2025-жылга карата бюджетинин чыгашалар бөлүгүн бекитип берүү жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын №30 Жайыт мыйзамына негиз, бюджет, экономика, муницпалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча  туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү  766 600 (жети жүз алтымыш алты миң алты жүз) сом болуп бекитилсин.

2.Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин 3/1 бөлүгүн жайыт инфратүзүмдөрүн жакшыртууга өткөрүлүп берилсин.

3.  2025-жылда  Көк-Жар Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды  бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү  6 айдын жана 9 айдын жыйынтыгы менен  айылдык Кеңештин сессиясында каралсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кенешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Р. Арапов