Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-июнундагы № 31 VII
«Ваучердик каржылоонун механизмине пилоттук
апробациялоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693-токтомунун негизинде, Жайылма айыл өкмөтүнүн берген маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл аймагындагы аз камсыз болгон 2 үй-бүлөнүн мектепке чейинки курактагы балдарын бала бакчаларга орноштурууга, төлөмдөрдү ваучердик каржылоо ыкмасында каржылоого уруксаат берилсин.
2. Жайылма айыл өкмөтүнүн бюджетинен 2025-жылына ваучердик каржылоого 26400 (жыйырма алты миң төрт жүз) сом суммадагы акча каражаты бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭОнун башчысы З.Б. Акаевага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
| К.М. Жонгучкаев |