Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын IX сессиясы
2025-жылдын 12-июну № 2
Чаек айыл аймагындагы МСО го курулуш базарын куруу жана погрузчик алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” №85 сандуу Жарлыгынын 4-пунктунун 7-абзацына ылайык “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен кошумча келип түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү” №85 сандуу Жарлыгынын 4-пунктунун 7-абзацына ылайык “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун бириккен айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен кошумча келип түшкөн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатынан 4 472 528 (төрт миллион төрт жүз жетимиш эки миң беш жүз жыйырма сегиз) сом акча каражатын Чаек айыл аймагындагы МСО го курулуш базарын курууга каржылоого макулдук берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн 10 000 000 (он миллион сом) акча каражатынан 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражатын “Чаек” муниципалдык ишканасына 3 кубдук погрузчик алууга макулдук берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |