Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 12-июну № 3
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын этикасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын этикасын бекитүү жөнүндө угуп жана талкуулап, Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыккан Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын этикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин Мандат комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Муталиев |
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I-чакырылышынын) кезексиз IX сессиясынын 2025-жылдын № 3 токтому менен бекитилген
_________________________
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын этикасы
Бул Этика Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 8-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сөзсүз түрдө аткарылуучу моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүктүн жана жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кемчиликсиз кесиптик жана жарандык беделине ээ болуу керек.
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1. Айылдык кеңештин депутаттары (мындан ары – депутаттар) тийиштүү Чаек айыл аймагынын калкынын өкүлдөрү катары өзүнүн ишмердүүлүгүнө аймактын, айылдын калкынын кызыкчылыктары, анын социалдык-экономикалык жана маданий жактан өнүгүү максаттарын жетекчиликке алууга тийиш.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын, айылдын жана анын жашоочуларынын кызыкчылыктарына туура келтирбеген аракеттерге жумшабоосу керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Ресупбликасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү жамааттардын Уставына, жергиликтүү кеңештин регламентине жана жергиликтүү өз алдынча башакаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуусу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын, айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар бирдей эле убакта өзүнүн кадырын сактоо менен башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадыр-баркын сыйлашы керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
II. ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар айылдык кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуу-үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга типйиш.
2.2. Ар бир депутат айылдык кеңеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.
2.3. Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчилик негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алуу, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талакуулоо жолу менен чечүүнү издөөсү керек.
2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрыла алат. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоготпогондук кайрылууларга жол берилбейт. Сессиянын жана комиссиянын отуруму өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде (дресс код) кийинүүсү керек.
2.5. Депутатар чыгып сүйлөөр алдында өзүнүн айта турган сөздөрүн даярдап анан сүйлөшү керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөшү керек. Депутаттарга айылдык кеңештин жана комиссиялардын иши учурунда уюлдук телефондорду пайдаланбоо сунуш кылынат.
2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын коргоодо башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этникалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүнө сый жана чыдамдуулук менен мамиле кылуусу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдиктин сакталуусуна жана тынчтыкка салым кошот.
2.7. Депутаттар айылдык кеңештин комиссияларынын бардык отурумдарына катышууга тийиш. Депутат айылдык кеңештин отурумдарына жүйөөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.
Жүйөөлү себептер менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей айылдык кеңештин төрагасына маалымдап коюшу керек.
Жүйөөлү себептерге – депутаттын ооруп калуусу, комндировкада жана эмгек өргүүдө болуусу, үй-бүлөөлүк жагдайлар кирет.
2.8. Айылдык кеңештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчлыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартыш керек.
2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган айылдык кеңештин Регламентине, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияга төрагалык кылган депутаттын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка айылдык кеңештин иш чараларына катышпай коюуга болбойт.
2.9.1. Айылдык кеңештин депутаттарына – отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.
2.9.2. Депутат айылдык кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумда төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органынын аппаратынын кызматкерлерине жана айылдык кеңештин отурумунда катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүлүккө көрсөтүп, сый-урмат менен мамиле кылуусу керек.
2.9.3. Депутат өзүнүн сөзүндө орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди кылбашы керек.
2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан белектерди, акча түрүндө акы төлөөлөрдү албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.
2.9.5. Депутаттар айылдык кеңеште сыйакы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын сүрмөөлөгө укуксуз.
III. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА ЭРЕЖЕЛЕРИ
3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шалоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар аймагындагы, айылдагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын коргойт.
3.2. Депутаттар менен шайлоочулар ортосундагы мамиле урмат сый, сылык мамиле жана жарадардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен куралат.
3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдеттүү.
3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн айылдык кеңештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларында жана массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана объективдүү болушу керек.
3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.
3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлуулукту жана сыпайы сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.
IV. ДЕПУТАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР, ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИЗИКАЛЫК ТАРАПТАР МЕНЕН ӨЗ АРА МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
4.1. Депутаттар атайын ыйгарым укуктарына ээ болбогон учурда жергиликтүү кеңештин атынан чыгууга, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
4.2. Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
4.3. Депутаттар айылдык кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүү керектигинде расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
4.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда, айылдык кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка маериалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
4.5. Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:
- мамлекеттик, коммерциялык же кызматтык сыр болсо;
- жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели
жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча
боюнча ишеним берилген болсо.
4.6. Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча аны жарыялабоо боюнча талаптарды атайылап же байкабастан бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
4.7. Депутаттардын чет өлкөлүк мамлекеттерге баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Републикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталышы керек.
4.8. Депутаттар чет өлкөдөгү иш сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.
V. ДЕПУТАТТАРДЫН ЭЛ АЛДЫНДА ЧЫГЫП СҮЙЛӨӨ ЭТИКАСЫ.
5.1. Депутаттар айылдык кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, массалык маалымат каржаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.
5.2. Депутаттарэл алдында чыгып сүйлөгөндө же массалык маалымат каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийирин, ар намысын каралоого жана юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербөө керек.
5.3. Депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же байкабастан жасалган аракеттер болсо, депутаттын эл алдында кемчилдигин мойнуна алуу менен алардан кечирим суроосу милдеттүү.
Ушул пункт менен белгиленген депутаттыр жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүк боюнча тартип бузуу жоопкерчилигине тартуудан бошотпойт.
VI. ДЕПУТАТТЫК ЭТИКА ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТОО БОЮНЧА КӨЗӨМӨЛ ЖАНА АЛАРДЫ БУЗГАНДЫГЫ ҮЧҮН ДЕПУТАТТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
6.1. Депутаттардын депутаттык этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары – Комиссия) жүргүзөт. Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан аныкталат жана депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
6.2. Депутаттык этиканын Эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен жер айылдык кеңештин демилгеси боюнча карай алат.
6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга аймактын, айылдын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.
6.4. Депутаттардын этиканы бузуу кыймыл аракети боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген протест көрсөтүүгө жана оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.
6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар оздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.
6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.
6.7. Комиссия депутаттын этикасынын Эрежелерин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикасынын Эрежелерин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.
6.8. Депутаттардын этикасын бузуу фактысы боюнча маселе депутаттык этиканын Эрежелери боюнча Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан айылдык кеңештин отурумунда ушул эрежелерди бузуусуна карата айылдык кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
6.9. Жергиликтүү кеңеште депутаттын этикасын бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:
- депутаттын этикасына туура келбеген жүрүм- турумун тоткотууну
сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.
- депутаттын этикасын бузгандыгы фактысы боюнча массалык маалымат
каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына маалымдайт.
6.9.1. Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан депутаттардын этикасын бузган депутатка чара көрүү маселеси айылдык кеңештин сессиясына чыгарылат.
Айылдык кеңеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосу жок эле чечет. Депутаттардын этикасын бузулгандыгын одоно түрдө экендигин айылдык кеңеш аныктайт.