Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 12-июну № 4
Нарын облусунун Тенир тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34- беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча Нарын облусунун Тенир тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго макулдук берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча Нарын облусунун Тенир тоо өнүктүрүү фондунан жана Жумгал райондук өнүктүрүү фондунан каржылануучу долбоорлорго төмөндөгү доолборлорду каржылоого макулдук берилсин.
1) “Чаек” муниципалдык ишканасынын жылуулук бөлүмүндөгү 4 откананы алмаштыруу;
2) Карагулов көчөсүнө балдар аянтчасын жана воркаут куруу;
3) Чаек балдар уландар мектебине кичи автобус сатып алуу;
4) “Күн желеси” бала бакчасына кошумча корпус куруу;
5) Көк-Ой айыл аймагындагы паркты жаңылоо долбоору;
6) Чолок-Терекке насос койдуруу;
7) Кичи Аралдагы садиктин ремонту;
8) Жаман-Талаага ат майдан куруу долбоору;
2. Жогорудагы сунушталган долбоорлордун өздүк салымы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |