Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 12-июну № 5
Чаек айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы ветеринардык клиниканы ижарага берүүгө макулдук берүү жана ветеринардык клиниканын жанындагы жер аянты жайыт болгондуктан багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-жана 34- беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы ветеринардык клиниканы ижарага берүүгө макулдук берүү жана ветеринардык клиниканын жанындагы жер аянты жайыт болгондуктан багытын өзгөртүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Чаек айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз айылындагы ветеринардык клиниканы ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ветеринардык клиниканын жанындагы №2614 контурундагы 1,2 гектар жер аянтынын багыты жайыт болгондуктан өнөр жай багытына өзгөртүп пайдаланууга берүү үчүн трансформациядан өткөрүп берүү жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Набиевден суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |