Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 12-июну № 6
Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан “Ынтымак” спорт залын Кыргыз Республикасынын спорт жаштар иштери департаментине 5 жылдык акысыз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34- беренесин жетекчиликке алып, Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан “Ынтымак” спорт залын Кыргыз Республикасынын спорт жаштар иштери департаментине 5 жылдык акысыз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан “Ынтымак” спорт залын Кыргыз Республикасынын спорт жаштар иштери департаментине 5 жылдык акысыз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |