Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 12-июну № 7
Бештерек айылынын №2411, №2509, №2396, №2405 жана №2403 контурларындагы 1 га жер аянты жайыт жер аянты болгондуктан айыл чарба багытынан өзгөртүп өнөр жай багытына (балык чарба ачууга) которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34- беренесин жетекчиликке алып, Бештерек айылынын №2411, №2509, №2396, №2405 жана №2403 контурларындагы 1 га жер аянты жайыт жер аянты болгондуктан айыл чарба багытынан өзгөртүп өнөр жай багытына (балык чарба ачууга) которуу жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Бештерек айылынын №2411, №2509, №2396, №2405 жана №2403 контурларындагы 1 га жер аянты жайыт жер аянты болгондуктан айыл чарба багытынан өзгөртүп өнөр жай багытына (балык чарба ачууга) которуп берүү үчүн трансформациядан өткөрүп берүү жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Набиевден суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |