Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин I чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 12-июну № 8
Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Т.Мураталиев көчөсүндө жайгашкан РТС тин ичиндеги 4-03-10-1001-3125 идентификациялык коду Т.Мураталиев №68/28 -1915 чарчы метр, 4-03-10-1001-3126 идентификациялык коду Т.Мураталиев №68/27 -912 чарчы метр максаттык багыты өндүрүш болгон калктуу конуштун ичинде жайгашкан жер тилкелерине “жер участок курулуш” багытына өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34- беренесин жетекчиликке алып, 30.05.2025 жылдагы Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун арызынын негизинде Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовдун кайрылуусу боюнча, Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Т.Мураталиев көчөсүндө жайгашкан РТС тин ичиндеги 4-03-10-1001-3125 идентификациялык коду Т.Мураталиев №68/28 -1915 чарчы метр, 4-03-10-1001-3126 идентификациялык коду Т.Мураталиев №68/27 -912 чарчы метр максаттык багыты өндүрүш болгон калктуу конуштун ичинде жайгашкан жер тилкелерине “жер участок курулуш” багытына өзгөртүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. 30.05.2025 жылдагы Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун арызынын негизинде Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовдун кайрылуусу боюнча, Чаек айыл өкмөтүнө караштуу Т.Мураталиев көчөсүндө жайгашкан РТС тин ичиндеги 4-03-10-1001-3125 идентификациялык коду Т.Мураталиев №68/28 -1915 чарчы метр, 4-03-10-1001-3126 идентификациялык коду Т.Мураталиев №68/27 -912 чарчы метр максаттык багыты өндүрүш болгон калктуу конуштун ичинде жайгашкан жер тилкелерине “жер участок курулуш” багытына өзгөртүү үчүн трансформациядан өткөрүп берүү жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Набиевден суралсын.
2. Соттун имараты жаңы салынып бүтүп көчүп кеткенден кийин, Матыев көчөсүнүн №108 деги учурдагы соттун имараты -мурун Чаек айыл өкмөтүнүн имараты болгон, ошол имарат кайра Чаек айыл өкмөтүнүн балансына калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |