Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-июлу № 411
Кыргыз Республикасынын Суу чарба кызматкерлеринин күнүн – кесиптик майрамын белгилөө жөнүндө
Суу чарба кызматкерлеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын расмий таануу, ошондой эле аларды сыйлоо жана кесиптик ишине андан ары дем берүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жыл сайын сентябрдын биринчи ишембиси Кыргыз Республикасынын Суу чарба кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамы деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 5-июнундагы № 225 “Кыргыз Республикасынын суу чарба кызматкерлеринин Күнүн белгилөө жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |