Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышы
ТОКТОМ
02.07.2025 №75
Кыдыр Аке айыл аймагындагы Пионер айылына баруучу
1,6 км жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана
коммуникациялар министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы №503 тескемесин ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн сунушун карап, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагындагы Пионер айылына баруучу 1,6 км жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов