Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышы
ТОКТОМ
04.07.2025 №77
Муниципиалдык менчиктеги борбордук стадионду
Ак-Суу райондук балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин карамагына мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Муниципиалдык менчиктеги борбордук стадионду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ысык-Көл облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын Ак-Суу райондук балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин карамагына мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов