Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 10-июлу № 136
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы"
атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. "Тамчы" АФИАнын органдары жана алардын ыйгарым укуктары
3-глава. "Тамчы" АФИАнын актылары
4-глава. Иштин уруксат берилген түрлөрү
5-глава. Өзгөчө укуктук режим
6-глава. "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин кепилдиктери
7-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын ишинин укуктук негизин белгилейт, аны түзүүнүн, чектерин белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн, ошондой эле иштөөсүнүн тартибин аныктайт.
1-берене. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын статусу
1. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы (мындан ары - "Тамчы" АФИА) - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу чектери бар Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагынын бөлүгү.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) төмөнкүлөргө карата талаптарды аныктоого тийиш:
1) "Тамчы" АФИАны ыңгайлаштырууга;
2) "Тамчы" АФИАнын контролдоо-өткөрүү режимин камсыз кылууга;
3) өзгөчө бажы режимине.
2-берене. "Тамчы" АФИА жөнүндө мыйзамдар
"Тамчы" АФИАнын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) "Тамчы" АФИАнын актысы - "Тамчы" АФИАнын аймагында субъекттердин, органдардын жана кызматкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт;
2) Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбор (ТЧЭБ) - англис укуктук тутумунун ченемдеринин жана принциптеринин, ошондой эле мыкты эл аралык практикалардын негизинде ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык талаш- тартыштарды чечүү үчүн түзүлгөн адистештирилген уюм;
3) Башкаруу боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) - мамлекеттин өкүлдөрүн жана инвесторлорду камтыган "Тамчы" АФИАнын жогорку жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу органы;
4) башкаруучу компания - "Тамчы" АФИАны натыйжалуу башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн орган, ал "Тамчы" АФИАнын бардык субъекттеринин ишин координациялоону камсыз кылат, "Тамчы" АФИАны өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди кабыл алат жана алардын аткарылышын контролдойт;
5) каттоочу - "Тамчы" АФИАнын субъекттеринин реестрин түзүү, каттоо жана жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу орган;
6) "Тамчы" АФИАнын субъекттери - "Тамчы" АФИАда катталган жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жана башкаруучу компания тарабынан аныкталган тартипте "Тамчы" АФИАда ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияланган жактар;
7) финансылык жөнгө салуучу - виртуалдык активдерди кошуп алганда, финансылык чөйрөдөгү ишти жөнгө салуу менен байланышкан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу орган;
8) инвестициялык резидент - башкаруучу компания тарабынан белгиленген талаптарга шайкеш келген инвестицияларды салууга, ишкердик иш жүргүзүүгө же экономикалык долбоорлорго катышууга байланыштуу "Тамчы" АФИАда атайын статус алган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
9) "Тамчы" АФИАнын адистештирилген реестри - "Тамчы" АФИА тарабынан дайындалган адамдардын реестри, аны жүргүзүүнүн тартиби "Тамчы" АФИАнын актылары менен аныкталат.
2. Ушул Мыйзамда, эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталбаган башка институттар, терминдер жана аныктамалар контекстте көрсөтүлбөсө, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кандай пайдаланылса, ошондой мааниде колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. "Тамчы" АФИАнын ишинин принциптери
"Тамчы" АФИАнын иши төмөнкү принциптерге негизделет:
1) натыйжалуулук;
2) ачык-айкындык;
3) ак ниеттүүлүк;
4) кесипкөйлүк;
5) көз карандысыздык;
6) мыйзамдуулук.
5-берене. "Тамчы" АФИА
1. "Тамчы" АФИА Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо кепилдиктерин камсыз кылуу, өндүрүштү, транспорттук инфратүзүмдү, туризмди жана санаториялык-курорттук чөйрөнү түзүү жана өнүктүрүү максатында жана (же) ушул Мыйзамда аныкталуучу башка максаттарда түзүлөт.
2. "Тамчы" АФИАны түзүүнү жана өнүктүрүүнү, анын ичинде өндүрүштүк, инженердик, транспорттук жана башка инфратүзүмдү, ошондой эле "Тамчы" АФИАнын иштөөсүнө байланышкан башка чыгымдарды, анын ичинде органдарды күтүүнү каржылоо "Тамчы" АФИАнын өздүк бюджетинен, республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
3. "Тамчы" АФИАнын башкаруучу компаниясы республикалык бюджетке чегерүүлөрдү жүргүзөт.
Түшкөн каражаттардан республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)