КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 26-июну № 127
Ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү
3-глава. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар
4-глава. Адамдардын ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга көмөк көрсөтүүсү
5-глава. Ыкчам-иликтөө ишмердигин каржылык камсыз кылуу
6-глава. Ыкчам-иликтөө ишмердигин контролдоо жана көзөмөлдөө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты
Ушул Мыйзамдын максаты инсандын өмүрүн, ден соолугун, укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле менчигин коргоо жана кылмыштуу кол салуулардан коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) ыкчам-иликтөө ишмердиги - ушул Мыйзам менен ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү, атайын күчтөрдү, каражаттарды жана усулдарды пайдалануу аркылуу ачык же жашыруун жүзөгө ашырылуучу иштин түрү;
2) жарандарды сурамжылоо - ыкчам кызматкер тарабынан изилденүүчү окуя же ага катышы бар адамдар тууралуу иш жүзүндөгү маалыматтар белгилүү болушу мүмкүн болгон жаранды жекече сурамжылоо;
3) сураштырып билүү - ыкчам кызматкердин ыкчам-иликтөө ишинин милдеттерин чечүү үчүн маанилүү болгон иш жүзүндөгү маалыматты ыкчам, криминалисттик жана башка маалыматтар базасынан расмий алуусу;
4) инсанды окшоштуруу - шектүүнүн (текшерилүүчүнүн) өздүгүн дактилоскопиялык картотека, окуя болгон жерде калган издер, кандын, шилекейдин курамы, жыттын изи боюнча жана башка усулдар менен аныктоо;
5) атайын техникалык каражаттар - ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, анын ичинде телекоммуникациялык тарамдарда маалыматтарды табуу жана документтештирүү үчүн атайын функциялары, программалык камсыз кылуусу жана конструктивдүү өзгөчөлүктөрү бар түзүлүштөр, аппаратура, шаймандар, жабдуу;
6) телекоммуникациялык тарамдарда ыкчам издөө - телекоммуникациялык тарамдарда, анын ичинде Интернет тармагында атайын техникалык каражаттардын жардамы менен укукка каршы иштин белгилерин, ошондой эле издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо боюнча конспиративдүү аракеттер;
7) ыкчам эксперимент - кылмыштуу ишти документтештирүү жана аларга бөгөт коюу максатында контролдо турган, ошондой эле белгисиз адамдардын укукка каршы аракеттерин тажрыйбалуу жол менен табууга мүмкүндүк берүүчү ыкчам-иликтөө кырдаалын моделдөө;
8) ыкчам аныктоо - жарандардан, кызмат адамдарынан шифрленген сурамжылоо жүргүзүү жана маалымдамаларды жашыруун сураштыруу, документтер менен таанышуу жолу аркылуу текшерилүүчү адамдын кылмыштуу иши жөнүндө маалыматтарды конспиративдүү чогултуу, анын байланыштарын аныктоо жана башка маалыматты алуу;
9) конфидент - ыкчам-иликтөө ишмердиги жөнүндө мыйзамдарда каралган негиздерде жана тартипте ыкчам-иликтөө органы (анын өкүлү катары - ыкчам кызматкер) менен конспиративдүү кызматташуу мамилесин түзгөн, жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жеке жак;
10) жашыруун ишканаларды жана уюмдарды түзүү - түзүлүүсүн (пайдаланууну) сыр сактоо менен ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин аткаруу үчүн ишканаларды же уюмдарды (коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, жеке компанияларды, өкүлчүлүктөрдү, филиалдарды, кызматтык жайларды ж.б.) түзүү (пайдалануу);
11) маалыматты мыйзамсыз алуунун техникалык каражаттарын издөө - мыйзамсыз пайдаланылуучу аудио, видео белгилөө, телекоммуникациялык тарамдардан, компьютерлерден, санарип технологиялык тутумдардан ж.б. маалыматтарды алуу каражаттарын табуу;
12) объекттерди санариптик таануу - ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашыруу максатында болгон маалыматтар базасынын негизинде адамды автоматтык түрдө идентификациялоого же верификациялоого, транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номердик белгисин таанууга жөндөмдүү атайын программалык камсыз кылуунун жардамы менен жүргүзүлүүчү ыкчам-иликтөө иш-чарасы;
13) сүйлөшүүлөрдү жашыруун тыңшоо жана жаздыруу - видео, аудиотехниканы жана (же) атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен видеону жана кептик маалыматты конспиративдүү контролдоо жана анын мазмунун материалдык сактагычта белгилөө;
14) пайдалануучулардын жана (же) пайдалануучулук түзүлмөлөрдүн ортосундагы туташуулар же пайдалануучулук түзүлмөнүн жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды алуу - телекоммуникациялык сервистин пайдалануучусунун кириш жана чыгыш чалуулары (туташуулары) жөнүндө маалыматты, ошондой эле телекоммуникациялардын операторлорунан башка маалыматтарды алып коюу;
15) контролдонуучу берүүлөр (текшерүүчү берүүлөр) - кылмыштарды натыйжалуу аныктоо, бөгөт коюу жана тергөө максатында эркин сатууга тыюу салынган же болбосо жүгүртүлүшү чектелген товарларды же предметтерди, ошого тете кылмыштуу жол менен алынган же өзүнө кылмыштын издерин сактап калган предметтерди же болбосо кылмыш жасоо куралдарын же каражаттарын контролдонуучу ташууларды түзүү;
16) контролдук сатып алуу (текшерүүчү сатып алуулар) - финансылык, чарбалык, ишкердик же соода ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келүүчү бузуулар жөнүндө ыкчам маалымат болгондо ыкчам кызматкер (ыкчам бөлүм) тарабынан товарды (керектөө жана сатуу максатында эмес) сатып алуунун жасалма түзүлгөн кырдаалы;
17) жайларды, имараттарды, курулмаларды жана жергиликтүү участокторду текшерүү - кылмыштын издерин, кылмыш жасоо куралдарын, кылмыштуу ишке катышы бар башка предметтерди же документтерди табуу максатында объекттерди ачык же жашыруун кароо;
18) почта жөнөтүүлөрүн, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдү контролдоо - кылмыштуу иш жөнүндө маалыматтарды табуу жана маалымат алуу максатында белгилүү бир кат-кабарларды конспиративдүү карап чыгуу;
19) телефон жана башка сүйлөшүү түзүлүштөрү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу - кылмыштуу иш жөнүндө маалыматтарды табуу жана ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашырууга өбөлгө түзүүчү башка маалыматтарды алуу максатында үн жазуучу жана (же) атайын техникалык каражаттардын жардамы менен телефон жана башка сүйлөшүү түзүлүштөрү боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү конспиративдүү угуп контролдоо, алардын мазмунун материалдык сактагычта белгилөө;
20) компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлмөлөрдөн, ошондой эле телекоммуникациялык тарамдардан маалыматтарды алуу - ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин чечүүгө өбөлгө түзүүчү маалыматты санарип дайындарын чогултууга, иштеп чыгууга, топтоого же сактоого багытталган телекоммуникациялык тарамдардан, компьютерлерден, серверлерден жана башка түзүлмөлөрдөн конспиративдүү алуу;
21) ыкчам байкоо жүргүзүү - ыкчам-техникалык каражаттардын жардамы менен конспиративдүү, такай, түздөн-түз көрүп же кыйыр кабыл алуу жана ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашыруу үчүн маанилүү болгон кубулуштарды, окуяларды, жосундарды, фактыларды, процесстерди каттоо;
22) салыштырма изилдөө үчүн үлгүлөрдү чогултуу - кылмыштын же кылмыш жасаган адамдын изин сактап калган маалыматтын материалдык сактагычтарын, ошондой эле кылмыштуу кол салуулардын объекттери болгон же коомдук-коркунучтуу укукка каршы жосунду жана ага катышы бар адамдарды табуу каражаты болуп кызмат кылышы мүмкүн болгон башка предметтерди табуу жана алып коюу;
23) ыкчам киргизүү - ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттерин ишке ашыруу үчүн ыкчам кызыкчылык объектинин чөйрөсүнө ыкчам кызматкердин же конфиденттин кирүүсү боюнча өз ара байланышкан аракеттердин жыйындысы же болбосо конспиративдүү уюмду (юридикалык жакты) түзүү;
24) жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү - мамлекеттик сырлардын сакталышын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген иш кагаздарын жүргүзүүнүн бирдиктүү тартиби.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 2-июлундагы № 101 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттери
Ыкчам-иликтөө ишмердигинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч жаратуучу окуялар же аракеттер (аракетсиздик) жөнүндө маалыматтарды табуу;
2) кылмыштарды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачуу, ошондой эле аларды даярдап жаткан, жасап жаткан же жасаган адамдарды табуу жана аныктоо;
3) тергөө органдарынан жана соттон жашырынып, кылмыш-жаза куугунтугунан качып жүргөн адамдарды издөө, дайынсыз жоголгондорду издөө, жаш курагынан же ден соолугунан улам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда өзү жөнүндө аныктоочу маалыматтарды билдирүүгө жөндөмсүз адамдын өздүгүн аныктоо, таанылбай калган өлүк боюнча жеке маалыматтарды аныктоо;
4) ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын жана аларга купуя көмөк көрсөтүүчү адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларын жана алардын жакын туугандарын коргоону камсыз кылуу;
5) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылуу.
4-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин принциптери
Ыкчам-иликтөө ишмердиги мыйзамдуулук, инсандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, конспирация, ачык жана жашыруун усулдарды жана каражаттарды айкалыштыруу принциптерине негизделет.
5-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигинин укуктук негизи
Ыкчам-иликтөө ишмердигинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары саналат.
6-берене. Ыкчам-иликтөө ишмердигинде инсандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо кепилдиктери
1. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдар (кызмат адамдары) ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө адамдын жана жарандын жеке жашоосуна кол тийбестик, кат алышууларын, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн сыр сактоо, турак жайына, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрүнө кол тийбестик укуктарын сактоону камсыз кылууга милдеттүү. Ушул Мыйзамда каралбаган максаттарга жетүү жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашырууга жол берилбейт.
2. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдын аракети анын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө алып келди деп эсептеген адам бул аракеттерге ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу жогору турган органга, прокурорго же сотко даттанууга укуктуу.
3. Ишти кароонун толуктугун жана ар тараптуулугун камсыз кылуу максатында ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу орган прокурордун же соттун талабы боюнча ыкчам кызыкчылык объектинин чөйрөсүнө киргизилген адамдар, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдардын штаттык жашыруун кызматкерлери, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүгө купуя көмөк көрсөткөн же көмөк көрсөтүүчү адамдар, үчүнчү жактардын жеке жашоосу жөнүндө, ошондой эле ыкчам-иликтөө ишмердигин уюштуруу жана жүргүзүү тактикасы жөнүндө маалыматтарды жана мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн башка маалыматтарды кошпогондо, арыз ээсине берүүдөн баш тартылган маалыматтар жөнүндө маалыматты камтыган ыкчам-кызматтык документтерди берүүгө милдеттүү.
4. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдын арыз ээсине зарыл маалыматтарды берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими негизсиз деп таанылган учурда көзөмөлдөөчү прокурор же судья аталган органды жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгогон көлөмдө маалыматтарды берүүгө милдеттендириши мүмкүн.
5. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденбеген адамдарга карата алынган маалыматтар жок кылынат.
6. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу органдарга (кызмат адамдарына) төмөнкүлөргө тыюу салынат: ыкчам-иликтөө иш-чараларын мыйзамда белгиленген тартипте катталган кандайдыр бир саясий партиянын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын кызыкчылыктарында, алардын ишинин мүнөзүнө таасирин тийгизүү максатында жүргүзүүгө; ишкердик иш мыйзамсыз жүргүзүлгөн, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан, айлана-чөйрөгө экологиялык зыян келтирген, ошондой эле курулуш ченемдери жана имараттарды, курулмаларды жер титирөөгө туруктуу куруу эрежелери бузулган учурларды кошпогондо, ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө; мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, жарандардын жеке жашоосуна кол тийгистикти, жеке жана үй-бүлөлүк сырын, ар-намысын жана аброюн козгогон жана ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү процессинде белгилүү болгон маалыматтарды жарандардын макулдугусуз ачыкка чыгарууга; өтө зарыл болгон жана зарыл коргонуу, кылмыш жасаган адамды кармоо, мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызмат орду боюнча милдеттерди, негиздүү тобокелдик болгон, атайын тапшырманы аткаруу учурларынан тышкары, жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө реалдуу коркунуч жараткан аракеттерди жасоого; жарандарды укук бузууга тартууга жана түрткү берүүгө, жарандардын укуктарын чектеген зомбулукту, коркутууну, шантажды жана башка укукка каршы аракеттерди колдонууга, ыкчам-иликтөө материалдарын жасалмалоого, ошого тете билип туруп анык эмес же болбосо жалган маалыматтарды пайдаланууга.
7. Ыкчам-иликтөө ишмердигин жүзөгө ашыруучу орган (кызмат адамы) тарабынан жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулганда жогору турган орган, прокурор же болбосо судья Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул укуктарды жана мыйзамдуу кызыкчылыктарды калыбына келтирүү, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
8. Ушул Мыйзамды бузуу менен жүзөгө ашырылган ыкчам-иликтөө ишмердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.