Загрузка документа…
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылган
Тамчы айылдык Кенешинин кезектеги II сессиясынын
Токтом
“ 13 ” 06 2019-жыл № 19
Жер тилкесинин багытын которуу жөнүндө
Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Нурланбеков Азат Нурланбековичтин өзүнө тиешелүү 16,0 жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү арызын карап жана бул маселе боюнча Тамчы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 23.11.2017-жылындагы №44 макулдук берүү токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын 28.11.2018-жылдагы №5-23-10/7435 сандуу катына байланыштуу шарттарды эске алуу менен талкууга алгандан кийин, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 01.08.2017-жылдагы №319 токтомунун жана Тамчы айыл өкмөтүнүн 08.12.2016-жылынын №72 токтомунун негизинде Тамчы айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1.Нурланбеков Азат Нурланбековичке Ысык-Көл облусунун ,Ысык-Көл районундагы Тамчы айыл аймагынын №1902 жана №1907 контурларында жайгашкан өзүнө тиешелүү “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы көп жылдык бакча максатындагы 16,0 га жер тилкесин “Өнөр жайынын ,транспорттун, байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына” которууга макулдук берилсин жана Тамчы айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралган маселе боюнча иш- чаралар тапшырылсын.
2.Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан айыл чарба эмес багытына которулгандыгына байланыштуу айыл чарба жоготууларын төлөө жагы Нурланбеков Азат Нурланбековичке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Э.Мусаев