Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

2024-жылдын 12-февралы  № 8/2

 

Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу көп кабаттуу үй курууга жер аянтчасын берүү жөнүндө

 

  Байза айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты М.Молдалиеванын  Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу жарандык мамлекеттик муниципалдык кызматкерлер үчүн убактылуу жашоочу турак жай курууга жана Байзак айылынын турак жай алуу үчүн кезекте турган тургундарына ипотекага турак жай берүүгө үч кабаттуу үй курууга жер тилкесин  бөлуп берүү боюнча сунушун карап талкуулап  Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.           Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу көп кабаттуу үй курууга  Байзак айыл аймагынан жер аянтын берүүгө макулдук берилсин

2.           Жер аянтын аныктап мыйзамдаштырып берүү жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

4. Ушул токтом  www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын  жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон   өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин. 

Төрага

А. К. Ажыгулов