БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2024-жылдын 12-февралы № 9/2
Байзак айыл аймагындагы “Таза-Кайырма” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдагы бюджетин бекитүү жана 2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын пайдаланууга уруксаат берүү жөнүндө
Байзак айыл аймагындагы “Таза-Кайырма” муниципалдык ишканасынын директору Т.Орозалиевдин “Таза-Кайырма” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2023-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн акча каражатын пайдаланууга уруксаат берүү боюнча кайрылуусун карап талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Байзак айыл аймагындагы “Таза-Кайырма” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 9,983 400 (тогуз милион тогуз жүз сексен үч миң төрт жүз) миң сом, чыгаша бөлүгү 13,591 500 (он үч милион беш жүз токсон бир миң беш жуз) сом болуп бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Жайыт пайдалануучулардын эсебинен 2023-жылда үнөмдөлгөн 577303 сом акча каражаты 2024-жылы жайыт пайдалануучулардын бет эсебине которулуп берилсин.
3.Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге жана “Таза-Кайырма” муниципалдык ишканасынын директору Т.Орозалиевге милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом bayzak.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз
Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. К. Ажыгулов |