Редакцияот 05.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

2024-жылдын 5-марты  № 10/2

 

Баш-Кууганды айылына салыктык көзөмөл пунктун ачуу үчүн жер аянтына уруксаат берүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 17-январындагы өткөрүлгөн кеңешмесинин протоколунун негизинде Баш-Кууганды айылына салыктык көзөмөл пунктун ачуу үчүн жер тилкесин чечип берүү боюнча Байзак айыл өкмөтүнүн кайрылуусун  карап талкуулап  Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Кече көмүр кесиминен чыккан оор жүк ташуучу автоунааларды толук көзөмөлгө алуу, жергиликтүү бюджеттин киреше  бөлүгүн көбөйтүү максатында Баш-Кууганды айылына салыктык көзөмөл пунктун ачуу үчүн жер аянтын берүүгө макулдук берилсин

2. Жер аянтын аныктап мыйзамдаштырып берүү жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.

        Ушул токтом  www.gamsumo.gov.kg  сайтына жайгаштырылсын  жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик  укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон   өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин. 

 

 

Төрага

А. К. Ажыгулов