Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июлундагы № 404 токтомуна)
Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо тартибин аныктайт.
2. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин милдеттүү лицензиялоо менен менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоонун билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасында салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо боюнча жалпы координациялоону саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
3. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) салттуу-тиричилик маданиятынын компоненти катары элдик медицина жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу;
2) ар түрдүү коомдордо, медициналык практикалардын маданий контекстинде болуп келген жана болгон медициналык системалар жөнүндө билимдердин комплекси менен тааныштыруу;
3) медициналык билимдерди иштеп чыгуунун социалдык-маданий жана табигый-экологиялык факторлорун талдоону үйрөтүү;
4) салттуу (элдик) медицинаны натыйжалуу жана коопсуз колдонуу аркылуу ден соолукту чыңдоодо потенциалдуу салымды пайдалануу.
4. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо ушул Жобого, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган салттуу (элдик) медицина боюнча кесиптик окуу программаларына ылайык жүргүзүлөт.
5. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо кошумча кесиптик билим берүүнүн түрү болуп эсептелет. Окутуу күндүзгү окутуу формасында, контракттык негизде жүргүзүлөт.
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жарандардын саламаттыгын сактоо, медициналык жана фармацевтикалык илим, медициналык жана фармацевтикалык билим берүү, дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жана медициналык техниканы жүгүртүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо жаатында жетекчиликти жүргүзгөн мамлекеттик орган;
салттуу (элдик) медицина - элдик тажрыйбага негизделген медициналык билимдердин, көндүмдөрдүн жана ыкмалардын жыйындысы, алар ден соолукту чыңдоо жана дарылоо, ооруларды диагностикалоо жана алдын алуу максатында колдонулушу мүмкүн.
2-глава. Окутууга карата зарыл болгон талаптар
7. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо мөөнөтү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
8. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы даярдоого кесиптик медициналык билими бар адамдарга уруксат берилет.
9. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы даярдоого кабыл алуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген адистиктердин тизмегине жана кабыл алуу планына ылайык жүргүзүлөт.
10. Салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоонун натыйжасында адис төмөнкү билимдерге ээ болууга тийиш:
1) предметтик тармакта, проблемалуу чөйрөдө, "элдик медицина" дисциплинасынын методологиялык негиздеринде;
2) адам жөнүндө илимдин бир бөлүгү катары медициналык антропологиянын калыптанышынын негизги этаптарын;
3) элдик медицинаны изилдөө жаатындагы теориялык этнологиялык билимдин учурдагы абалын;
4) антропологиялык жана этнологиялык изилдөөлөрдүн методологиясын колдонуу боюнча;
5) изилдөө объектин типтештирүү жана классификациялоо боюнча;
6) бул дисциплина боюнча терминологияны;
7) жана аудиторияны алдына чыгып сүйлөө көндүмдөрүн;
8) жана далилдүү медицинаны талдоо көндүмдөрүн.
Адис алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана даярдыгын көрсөтүүгө тийиш.
11. Салттуу (элдик) медицина боюнча адистерди даярдоону камсыз кылуучу билим берүү уюмдары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда бекитүү үчүн кесиптик стандарттарга ылайык билим берүү программаларын түзөт.
12. Далилдүү медицинаны эске алуу менен клиникалык адистиктер боюнча түзүлгөн салттуу (элдик) медицина боюнча медициналык кадрларды даярдоонун билим берүү программалары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан билим берүү уюмдарынын, илимий-изилдөө институттарынын сайтына жайгаштырылат.
13. Билим берүү уюмунун жетекчиси саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча адистиктер боюнча салттуу (элдик) медицина жаатындагы адистерди даярдоо планын жыл сайын учурдагы жылдын 1-июлунан кеч эмес мөөнөттө бекитет.
14. Окуу процессин уюштуруу академиялык календардын, окуу сабактарынын расписаниесинин жана билим берүү программаларынын негизинде жүргүзүлөт.
15. Жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө билим берүү уюму же илимий-изилдөө уюму окууну аяктагандыгы жөнүндө белгиленген формадагы күбөлүктү берет. Күбөлүктүн формасы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.