Редакцияот 17.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

2025-жылдын 17-февралы №2-10-2

 

Майлуу-Суу шаардык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө

 

Майлуу-Суу шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык кеңештин 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландарын угуп, талкуулап жана депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин X-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

  1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык кеңештин 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландары №1,№2,№3,№4 -тиркемелерге ылайык бекитилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык кеңештин аппарат жетекчисине жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын, шаардык кеңештин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарына ылайык иш алып барылсын.

 

  1. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

5.    Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Шаардык Кеңешинин төрагасы:

Д.Атамырзаев