Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясынын
2025-жылынын 18-апрели №19
«Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу айыл өкмөт башчынын маалыматын угуу»
«Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча » туруктуу комиссиясынын төрагасы Жолокеев Нурадил Турсунбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлери үчүн ижара акынын түшүшү жана пайдаланылышы тууралуу айыл өкмөт башчысынын маалыматы угуулгандыгы белгиленсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы
|
Т.И.Токтоболотов |
|