Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясынын
2025-жылынын 18-апрели №20
«Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025 - жылдын 10 - апрель №01-6/302 чыгыш сандуу катын кароо (трансформациялоо) жөнүндө»
«Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча » туруктуу комиссиясынын төрагасы Жолокеев Нурадил Турсунбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы - Казарман - Жалал - Абад “Түндүк - Түштүк” альтернативдик жолундагы “Көк - Арт” тоннели аркылуу транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйым алуу максатында көзөмөл - өткөрүү пунктун куруулушу үчүн Каргалык айыл аймагынын “Кара - Талаа” участкасынын №90 контурунан 1,0 (бир) га кайрак айдоо аянттын Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 15- июль 2013- жылдагы №145 мыйзамына ылайык “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.И.Токтоболотов |
|